Депутат Бакировдун тарапташтары аны мандаттан ажыратпоо талабы менен президентке кайрылышты

Төө-Моюн айылына чогулган Бакировдун тарапташтары. Видео кайрылуунун скриншоту.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун тарапташтары аны мандаттан ажыратпоону талап кылышууда. Жүздөгөн киши 15-декабрда депутаттын кичи мекени Араван районуна караштуу Төө-Моюн айылына чогулуп, бийлик башындагыларга кайрылуу жасашты.

Чогулгандар мурда, шайлоо учурунда Бакировдун атаандашы берген арызды кайрадан кароо боюнча соттун чечимине нааразы болушууда. Алар сот «чечимди мыйзамсыз чыгарган деп» эсептейт.

«Төө-Моюн эли Садыр Жапаровдун иштерин башынан эле колдоп келди. Жакында кыргыз-өзбек чек ара келишимин ратификациялоо меселеси боюнча Бакиров чогулуш өткөргөндө, эл колдоп берүүсүн суранган. Ага [Өзбекстан тарабынан] курулбай калган каналды куруп берүү боюнча дагы элден сунуш түшкөн. Бакиров “элдин өтүнүчүн, элдин суранычын бийликке жеткирем” деп ушундай басым-кысымдарга дуушар болууда деп эсептейбиз», — деди чогулушка келгендердин бири.

Кайрылуу жасаган эл Жапаровдон сотторго калыс мамиле кылууну өтүндү. Алар ошондо гана Жогорку сот ишти калыс карап, Бакировдун парламентке «өзүнүн күчү, эмгеги менен барган депутаттардын бири экени» белгилүү болот деген пикирде.

«Биз мыйзамдуулукту талап кылып чыктык. Бирөөнү мактап, бирөөнү жамандаганы чыккан жерибиз жок. Жогорку сотко кайрылабыз деп жатышат. Ошол жерде сот туура чечим чыгарышын каалайбыз. Сотторго эч кандай басым болбосо. Бул кечээки айтышуудан кийинки маселе болуп калып жатат», — деди президентке кайрылуу жолдогондордун бири.

Буга чейин, 12-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин 2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда берген арызын кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.

Ал эми депутат арызды кайра кароо аракетин «аша чапкандык» катары баалаган. Ал мандаттан ажыратуу аракетин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн кайым айтышы менен байланыштырган.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда Бакиров Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Жыйындан соң Бакиров УКМКнын төрагасынын сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирип, Ташиев «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айткан.

Бир күндөн кийин эле депутат президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген.

Бакиров мындай аракетти УКМКнын башчысы менен кайым айтышканы менен байланыштуу деп болжогон. Анын айтымында, 18-ноябрда иш кабинетине өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайымын, техникасын коридорго чыгарып салышкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында Бакиров «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотушу» керектиги айтылган. Ошондой эле администрациядан Бакировго жакын арада «ылайыктуу» бөлмө таап берилет деп ишендиришкен.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев депутатты башка кабинетке көчүрүү чечими үч фракция лидеринин атынан кат келгенден кийин кабыл алынган, эл өкүлүнүн кабинетине аталган үч фракция лидеринин бири кирет деп айткан.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешти «сыйлабастыгы» деп баалашкан.

1-декабрда депутаттык комиссия анын бөлмөдөн чыгарылганын мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми президенттин иш башкармалыгы алып койгон бөлмө Бакировдун өзүндө калган.

Тема боюнча:

Депутат Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

Өмүрбек Бакиров: Иш башкармалык эптеп бир кабинет берип, оозумду жапканы жатат