«Азиздер жана дүлөйлөр коомуна» коммуналдык кызмат үчүн төлөмдөргө 50% жеңилдик берилет

«Азиздер жана дүлөйлөр коомуна» суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызмат жана газ үчүн төлөмдөргө 50 пайыздык жеңилдик берилет. Мындай чечимди Министрлер кабинети 16-декабрдагы жыйынында кабыл алды.

Маалыматта чечим бирикмеге мүчө майыптыгы бар адамдарга колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганы айтылат.

«Азиздер жана дүлөйлөр коому» бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 8 миңден ашык адам мүчө. Бирикменин 11 окуу-өндүрүштүк ишкасы бар — ал жерде майыптыгы бар адамдар иштейт.

Буга чейин, 9-декабрда майыптыгы бар жарандар Бишкекеги ЦУМ соода борборунун жанындагы жер астындагы өтмөктө акция өткөрүшкөн. Алар бийликтен тең укуктуулукту талап кылып чыгышкан.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Мындан сырткары иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, алар калктын аялуу катмары бойдон калууда жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга тартылышпайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандус жок, тротуарлар талапка жооп бербейт. Ошто майыптыгы бар кишилер акция өткөрүштү

Кайсынысы жаман — пандуспу же анын жоктугубу? Бишкек адамдарга ылайыкташпаган шаар бойдон калууда