«“Баарына мен жооп берем” дебеди беле?» — «Реформа» президенттин билдирүүсү тууралуу

«Реформа» саясий партиясы президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад ишинин фигуранттарына байланыштуу айткандарына жооп берди. Партия билдирүүсүн Фейсбук барагына жарыялады.

«Реформанын» мүчөлөрүнүн айтымында, Жапаров «Кабарга» курган маегинде мыйзамдарга каршы келген сөздөрдү айткан. Мисалы, Конституция адамдарга митинг уюштурууга тыюу салбайт жана катышуучулардын санын чектебейт.

«Садыр Жапаров өзү деле бир кездерде көптөгөн митингдерди уюштурган, бирок, бул үчүн түрмөгө түшүп калганда өзүн “саясий туткун” деп атагандан кайткан жок. Анда эмнеге убагында досу экөө аянтта митинг уюштуруп, ал тургай Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүштү эле, эми азыр ал мыйзамга каршы келип калыптырбы?» — деп суроо салды саясий бирикме.

Экинчиден, өлкөдө сөз эркиндиги бар жана өз пикир айтууга тыюу жок деп айтылат билдирүүдө. Алардын айтымында, эгер кимдир бирөө Өзбекстан менен келишимге каршы болсо, анын «ага толук укугу бар» жана бул позиция калп же жалаа жабуу болуп эсептелбейт.

Ошондой эле «Реформадагылар» кармалгандар сотту жокко чыгарууну суранбаганын, болгону сот отурумун ТИЗОдо эмес, үйдө отуруп күткөнгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жатышканын, себеби «жашынып же качып кетүү» ниеттери жоктугун белгилешти.

«Эмне үчүн коррупционерлер менен бандиттер сотту үй камагында күтөт да, эч качан кылмыш жасабаган, буга чейин соттолбогон адамдар СИЗОдо отурушу керек?» — деп нааразы болушту партиядагылар.

«Реформанын» мүчөлөрү Жапаров элден президенттин ыйгарым укуктарын күчөткөн жаңы Конституцияны кабыл алуу керектигин айтып ишендирип жүргөндө өлкөгө бийликтин чечимдери менен иш-аракеттерин көзөмөлдөгөн киши керек деп айтканын эске салышты.

«Азыр болсо качанкыга чейин эле президентти күнөөлөп жүрө беребиз деп жатат. Болбосо “баарына өзү жоопкерчилик алууну” каалабады беле?» — деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылуунун аягында партия кармалган аялдар «эч качан калп айтышпаганын, бирөөгө жалаа жаппаганын жана мамлекеттик төңкөрүшкө чакырышпаганын» белгиледи. Аларды «Реформа» «мыйзамды бузбаган Кыргызстандын жана өз энелеринин татыктуу кыздары» деп аташты.

Ошондой эле саясий бирикме Кемпир-Абад иши боюнча фигуранттардын ачкачылык жарыялоосунун бардык кесепети «бийликтин абийиринде» экенин эске салышты.

Жапаровдун интервьюсу

17-декабрда Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, Кемпир-Абад ишинин фигуранттары «төңкөрүш пландашканы үчүн түз эле барып түрмөгө түшүштү» деп айткан. Анын айтымында, айыпталгандар төңкөрүш жасоо пландары талкууланган чогулушка барышкан.

«Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. [...] Качанкыга чейин кичине бир нерсе болсо эле президент күнөөлүү деп жатып калабыз? [...] Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. "Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел" деп план түздүргөн жокмун. "Элди портерлерге жүктөп келгиле" дегидей эл ким аларга?» — деген Жапаров.

Андан тышкары, президент кармалган аялдардын эки жылдан бери «ооздоруна ак ит кирип, кара ит чыгып» жатканын, бирок аларга көңүл бурбаганын, себеби «теңелгиси келбегенин» айткан. Аны менен катар президент кармалгандардын энелери кыздарын эркиндикке чыгарууну сурангандын ордуна «кеч боло электе ошол акыл үйрөтүшпөйт беле» деп билдирген.

Массалык ачкачылык

Кемпир-Абад ишинин фигуранттары баш коргоо чаралары узартылганына нааразы болуп 13-декабрдан тартып ачкачылык жарыялашкан. Алар ТИЗОдон бошотууну жана аларга карата массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш ишин токтотууну талап кылышууда. Айыпталып жаткандардын баары бул ишти токулган жана жасалмаланган деп аташууда.

Ошондой эле нааразылар ачкачылыктын кесепеттери үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөшкөн.

16-декабрда ачкачылык жарыялагандардын бири, экс-депутат Орозайым Нарматованын абалы кескин начарлап кеткени белгилүү болгон. Ал эми 17-декабрь күнү кечинде активист Перизат Суранова оор абалда экени кабарланган.

18-декабрда акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов ТИЗОдогу аялдардан кабар алып, алардан ден соолуктарына байланыштуу ачкачылыкты токтотууну суранган. Бирок, анын айтымында, аялдар баш тартышкан. Колопов «дээрлик баарынын абалы начар, алдары жок экенин» билдирген.

Саясатчылар менен активисттерди тинтүү жана кармоо 23-октябрда болгон. Ошол эле күнү 20дан ашык адам кармалган. Алардын баары «массалык башаламандык уюуштурууга даярдык көргөн» деп айыпталып жатат.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.