Сот Азимбек Бекназаровду 23-февралга чейин камакта калтырды

Азимбек Бекназаров. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди/Азаттык

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Азимбек Бекназаровду 2023-жылдын 23-фералына чейин камакта калтырды. Бул тууралуу 9-декабрда райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Бекназаров 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган 30га чукул активисттер жана саясатчылар менен бирге кармалган. Ага «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылып, ТИЗО-1ге киргизилген.

Абакта жатканда ал кат жолдоп, [президенттин] атаандаш болбогон аялдар менен жаштарды кармоо мыйзамсыз гана эмес, гумансыз дагы экенин билдирген. Бекназаров Жапаровду аялдарды бошотууга чакырган.

Бекназаровдун сыны жана бийликтин «пастыгы»

Азимбек Бекназаров 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңешке депутат, 2005-жылы башкы прокурор болгон. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ошондой эле 2005-жылдагы «Жоогазын» жана 2010-жылдагы «Апрель» революциясына саясий лидер жана активдүү мүчө катары катышкан.

2020-жылы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган. Анын элчилик кызматтан алынганы үстүбүздөгү жылдын 5-августунда белгилүү болгон.

Президенттин жарлыгында саясатчы «алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгы» маалымдалган.

Бекназаров өзү «Кумтөр» маселесине байланыштуу сын айткандан кийин кызматтан алынганын билдирген. Ал элчилик кызматта тынымсыз сунуш берип иштегенин айтып, бирок бийлик «бир да жолу тапшырма бере алган эмес» деп сындаган.

Андан көп өтпөй эле милиция анын уулу Руслан Бекназаровду экстремисстик материалдарды жайылтууга шектеп кармаган. Бекназаров мындай аракетти бийликтин «пастыгы» деп атаган. Кийинчерээк Руслан Бекназаров үй камагына чыгып, Свердлов райондук акиминин орун басары кызматын тапшырган.

Бекназаров Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан. Коомчулукта бул боюнча талкуу жүрүп жаткан учурда суракка дагы чакырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бекназаров ТИЗО-1ден кат жазды: Бизди Кемпир-Абадды берип салуу үчүн кармап жатышат

Сот Азимбек Бекназаровдун уулун үй камагына чыгарды