Ноокат: Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери элден мыйзамсыз каражат жыйноого шектелип кармалды

Ош облусунун Ноокат районундагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери тургундардан мыйзамсыз каражат жыйноого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 19-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүмдүн жетектөөчү адиси тургундарга күбөлүк берүүдө жана чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоого алууда алардан мыйзамсыз каражат жыйнаган туруктуу схеманы жетектеп келгени белгилүү болду.

УКМК бул боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда бул ишке тиешеси бар кылмышкерлерди аныктоо жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин атайын кызмат «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучусун 200 миң сом пара алып жатканда кармаган. Шектүүнүн жергиликтүү соттун төрагасынын карызга байланыштуу иштерин ачыктап, өлкө жетекчилигине чейин жеткирерин айтып 3600 доллар талап кылганы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун көрүнүшү боюнча 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 124-орунда болчу.

Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия 88 упай менен биринчи орунга чыгып, коррупциянын денгээли эң төмөн мамлекеттердин катарына кирген.

Автору: Айпери Акылбек кызы
Редактору: Найзабек Мукамбетов

Тема боюнча:

Ош: Кара-Кулжа райондук милициясынын эки кызматкери пара алып жатканда кармалды

Сузак: Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды