Мадумаров 28 адам абакта «мыйзамсыз» жатса депутаттар «тымпыйып отурат» деп нааразы болду

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кемпир-Абад ишине байланыштуу 28 киши «мыйзамсыз» абакта жатканда «эч нерсе болбогондой, тымпыйып» отурган депутаттарга нааразы болду.

Ал Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында депутаттарга кайрылып, «жылуу-жумшак жерде тымпыйып мыйзамдарды талкуулап, кабыл алып отургандын өзү кайдыгерлик» деп атады.

«Кечээ дарыгерлер барып, эки кызыбыздын карап, ден соолугуна аябай коркунуч келип турат деп коңгуроо кагып жатат. [...] Эгер ушул кагылып жаткан коңгуроого президентиң же Жогоку Кеңешиң кулак какпаса, эртең азаптын чеңгээлине кабылабыз. Же сөзсүз Марат Казакпаевге же башкаларга окшоп барган жерден сөөгү чыгыш керепи», — деп суроо салды ал.

Мадумаров бийликтин «өзүм билемдик менен кетип баратканы жакшылыкка алып барбайт» деп кошумчалады.

«28 үй бүлө сыздап отурат. Энесин көрө албай бала сыздап отурат, кызын көрө албай ата сыздап отурат. Аялын көрө албай күйөөсү сыздап отурат. Могу жерде жылуу, жумшак отуруп, мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Бирдеме өзгөрүп кетеби ал мыйзамдардан. Соңке кезде [парламентте] сүйлөгүң да, ушул жерге киргиң да келбейт. Кайран Жогорку Кеңеш! Кайран эл өкүлдөрү! Кайран алып жаткан айлык! Кайран көкүрөккө таккан туу! Кайран “адамбыз” деп басып жүргөн биз!» — деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагылууда.

12 жана 14-декабрда шаардык сот кармалгандарды 20-февралга чейин абакта калтырылган. Кийинчерээк Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 19 киши соттун чечимине нааразы болуп, ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Азыркы тапта укук коргоочулар экс-депутат Орозайым Нарматова, активист Перизат Суранованын абалы начар экенин айтышууда.

Тема боюнча:

Кемпир-Абад иши: Кармалгандардын жакындары аларды бошотууну талап кылышты

Бийликти сындаган жыйырмадан ашык киши ТИЗОго камалды — алар кимдер?