Сот көп балалуу энени кыйноо иши боюнча шектелген мурдагы милиционерди актады

Көп балалуу энени кыйноо иши боюнча шектелген Бишкектин Октябрь РИИБнин экс-начальниги Уланбек Аалиев кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталды. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» калаанын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Сот Аалиевди «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча дагы актады.

«Аалиев “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 300 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду», — деп билдиришти соттун басма сөз кызматынан.

Опузалоо иши

Октябь айынын башында алдамчылыкка шектелген алты баланын энеси Асыл Талипова суракка чакырылып, андан соң кармалган. Анын жакточусу Канат Хасановдун айтымында, сурак учурунда Талипова «дарыканага барып келүү үчүн суранып чыккан, ал кайтып келгенде тергөөчү “шектүү жашырынгысы келип жатканын” айтып, аны камакка алган».

Андан соң Хасанов борбор калаадагы ИИБдин имаратынын жанына жалгыз митингге чыгып, аялды бошотууну талап кылган. Эртеси күнү Асыл Талипова үй камагына чыгарылган.

22-октябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Октябрь РИИБинин башчысы Уланбек Аалиевди, тергөө кызматынын башчысынын экс-орун басары Талгат Куватбековду жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызын кармашкан. Башкы прокуратура кармалгандар «кыйноо», «опузалап пара алуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын белгилеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, милиционерлер бир аялды камакка алуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалашкан.

«[Шектүүлөр] ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз Октябрь РИИБне чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан», — деп айтылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ал эми 18-ноябрда Аскер прокуратурасы ушул эле иш боюнча борбор калаанын Октябрь РИИБдин башчысынын орун басары Бегайым Турапованы кармаган. Бирок, Турапова кандай кылмышка шектелип жатканын Башкы прокуратура ачыктаган эмес. 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, Турапова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын жазган.

Ал эми 23-октябрда Биринчи май райондук соту Аалиевди 2021-жылдын 21-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.