«Кымыз алганы баргам». Депутат Бакиров кримтөбөл Көлбаев менен жолукту деген маалыматты төгүндөдү

27-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолуккан делип УКМКга сурак берип чыкты. Бул маалыматты «Клоопко» эл өкүлү өзү тастыктады.

Ал эми 28-декабрда атайын кызмат билдирүү таратып, 25-декабрда Бакиров Көлбаев менен Чолпон-Ата шаарындагы «Барс» спорттук-эс алуу жайында «жашыруун жолугушкан» деп маалымдады.

«Кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат», — деп белгилешти атайын кызматтан.

УКМК мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттарга «кылмышкерлер менен байланышууга жол берилбей турганын» эскертип, мындай кадамдар кылмыштуу аракеттерге шериктештик катары бааланарын белгиледи.

Атайын кызмат тараткан билдирүүсүнө видео тиркеди. Тасмада Бакиров имаратка эки киши менен кирип келгенде, аларды бир адам тосуп алганын көрүүгө болот. Андан соң алар караңгы жерде басып баратканда кийинки кадрга өтүп Бакировдун имараттан чыгып баратканы көрсөтүлгөн. Бирок видеодо бир дагы кадрда Көлбаев көрсөтүлгөн эмес.

Бакиров эмне дейт?

Ал эми Өмүрбек Бакиров УКМКнын айыптоолорун четке какты. Ал «Клоопко» эс алуучу жайга жардамчысы менен кымыз сатып алганы киргенин айтты.

«Жылына бир-эки жолу Ысык-Көлгө барып келем. Бул ирет жардамчым менен “Барс” эс алуу жайына баргам. Ал коомдук жай. Булар кышында дагы кымыз сактайт. Жаңы жылда үй-бүлөм менен эс алсамбы деп карап жүргөм. Камчы Көлбаев менен жолукту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде Көлбаевди көргөн жокмун», — деди ал.

Бакиров акыркы күндөрү ага карта «ар кандай күнөө тагуу жана куугунтук болуп жатканын» кошумчалады.

Буга чейин, 12-декабрда, Бишкек шаарынын административдик соту Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин 2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда берген арызын кайра карап чыгуу талабын канааттандырган.

Ал эми депутат арызды кайра кароо аракетин «аша чапкандык» катары баалаган. Ал мандаттан ажыратуу аракетин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн кайым айтышы менен байланыштырган.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда Бакиров Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Жыйындан соң Бакиров УКМКнын төрагасынын сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирип, Ташиев «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айткан.

Бир күндөн кийин эле депутат президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген.

Бакиров мындай аракетти УКМКнын башчысы менен кайым айтышканы менен байланыштуу деп болжогон. Анын айтымында, 18-ноябрда иш кабинетине өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайымын, техникасын коридорго чыгарып салышкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында Бакиров «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотушу» керектиги айтылган. Ошондой эле администрациядан Бакировго жакын арада «ылайыктуу» бөлмө таап берилет деп ишендиришкен.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев депутатты башка кабинетке көчүрүү чечими үч фракция лидеринин атынан кат келгенден кийин кабыл алынган, эл өкүлүнүн кабинетине аталган үч фракция лидеринин бири кирет деп айткан.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешти «сыйлабастыгы» деп баалашкан.

1-декабрда депутаттык комиссия анын бөлмөдөн чыгарылганын мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми президенттин иш башкармалыгы алып койгон бөлмө Бакировдун өзүндө калган.

Тема боюнча:

Депутат Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

Өмүрбек Бакиров: Иш башкармалык эптеп бир кабинет берип, оозумду жапканы жатат