Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

Зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаев 11-январда үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Ал тогуз айга жакын ТИЗО-1де кармалып турган.

Мамаевдин жактоочусу актёрдун үй камагына чыгышы боюнча Kaktus.Media басылмасына маалымат берди. Анын айтымында актёрдун ишин тергөөдө мыйзам бузулганы аныкталды.

«Тергөө органдары тарабынан бир катар мыйзам бузуу болгону, ошондой эле Чыңгыз Мамаевдин кылмышка тиешеси бар экенин тастыктаганга жетиштүү далилдин жоктугу жана козголгон иш актёрдун укуктарын бузуу жолу менен тергелгени аныкталып, ал сот залынан бошотулду», — дейт ал.

Актёрдун камакка алынышы

2022-жылдын апрель айында актёр Чыңгыз Мамаев чет элдик аялды зордуктоого шектелип кармалган. Алгач ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилген. Кийин Свердлов райондук соту Мамаевди 30-августка чейин ТИЗО-1ге камакка алган.

Ал эми актёрдун жубайы Элмира Тагаева жолдошуна коюлган айыптарды негизгиз деп билдирген. Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгында Мамаевден био-материал табылган эмес.

Июль айларында төкмө акын Аалы Туткучев, Нуркан Турсунбаев, Күмөндөр Абылов баштаган маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, камакта жаткан актёрдун ишин акыйкат тергөөнү өтүнүшкөн.

Аны менен катар актёр 19-декабрда президент Садыр Жапаровго ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранып абактан кат жазган. Катта «Аллахтын алдында акмын деп ишеничтүү айта алам» деген Мамаев.

6-декабрь күнү Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши Свердлов райондук соту тарабынан кайрадан тергөөгө Мындай чечим 22-ноябрда «Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн» кабыл алынган.

Театр жана кино актёру Чыңгыз Мамаев 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу «Мезгил жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.

Тема боюнча:

«Мен Аллахтын алдында акмын». Актёр Чыңгыз Мамаев президентке абактан кат жазды

Актёр Чыңгыз Мамаевдин кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү