Бир цитата менен: Бажы кызматынын башчысы мекеме жагымсыз образынан арыларын убадалады

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков мекемедеги коррупцияны жоюуну убадалады. Бул тууралуу ал 12-январдагы басма сөз жыйында билдирди.


«Эл ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын жагымсыз образы бар, андан арылуу үчүн убакыт керек. [...] Биз коррупцияны түп-тамыры менен жоюуга аракет кылабыз», — деп ишендирди ал.


2022-жылдын ноябрь айынын аягында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бажы кызматын сынга алып, мекемеде «олуттуу» реформалар күтүлүп жатканын билдирген.

Бажыдагы коррупция

Бажы кызматы өлкөдөгү эң эле коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири болуп эсептелет. Эң эле чуулгандуу коррупциялык жаңжал OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» иликтөөлөрүнүн башкы фигуранты, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон.

Журналисттер Матраимов бажыда иштен 10 жыл ичинде Кытайдан кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен коррупциялык схеманы жолго койгонун аныкташкан.

Матраимов Абдукардын үй-бүлөлүк кланына Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө жүктөрдү мыйзамсыз ташыганга жардам берип, ал ортодо үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садагаларды» алып жүргөнү аныкталган. Журналисттер ушундай жол менен Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалар аркылуу так кесе канча акча тапканы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Бирок экс-бажычынын үй-бүлөсү дароо эле байып кеткени айдан ачык — мисалы, журналисттер Матраимовдун Кыргызстандагы жана анын сыртындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн таба алышкан. АКШда Матраимов жана анын аялы санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизилген.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажынын төрагасынын экс-орун басары да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыяндын калыбына келтирүү үчүн 2 млрд сом төлөгөн.