Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБине кайрадан директор болду — 2018-жылы анын тушунда авария болгон

Нурлан Өмүркул уулу кайрадан Бишкек ЖЭБине директор болуп дайындалды. Бул маалыматты «Клоопко» «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин ЖЭБди Андрей Воропаев жетектеп келген — бул кызматка ал 2018-жылы Өмүркул уулунун ордуна дайындалган.

2018-жылдын январь айында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаар бир жумага чукул жылуулуксуз жана ысык суусуз калган. Аварияга чейин ЖЭБ 386 миллион доллар насыянын эсебинен модернизацияланган болчу.

Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Данил Усманов атайын Kloop.kg үчүн

ЖЭБдеги авария боюнча бир нече аткаминерге кылмыш иши козголгон. 2019-жылы сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Калиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскарган. «Электр станциялары» мамлекеттик компаниясынын директору Салайдин Авазовго 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Бул иш боюнча Биринчи май райондук соту Нурлан Өмүркул уулун төрт жылга эркинен ажыратып, 150 миң сом айыпка жыккан. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарып, ага 300 миң сом айып салган.

2020-жылы Исаков, Калиев жана Авазов 5-октябрдагы башаламандыктардын шартында абактан бошотулган. Ал эми 11-октябрда Авазов, анын эртеси күнү Калиев колонияга кайтарылган. Анткен менен Сапар Исаков абакка кайткан эмес, мындан улам ЖАК экс-премьерди эл аралык издөөгө жарыялаган.

2021-жылы президент Садыр Жапаров Калиев менен Авазовго ырайым кылган. Ал эми Жаза аткаруу кызматынан алар «жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн» бошотулушту деп ишендиришкен.

2021-жылдын февраль айынын аягында Исаков Орусияда экенин билдирген. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп чет жакка чыгып кеткендигин айткан.

Тема боюнча:

Бийлик кантип Бишкек жылуулук борборундагы авариянын себептерин аныктоодо?