Сот 13 жашар кызды зордуктоо боюнча соттолгон эки милиционердин жазасын эмнеге кыскартканын айтты

Бишкек шаардык сотунун судьялары 16-январда маалымат жыйын уюштуруп, 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн соттолгон эки милиционердин абак мөөнөтүнүн кыскартылганы боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин, 12-январда, соттук коллегия биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, акыркы жазаны дайындаган: бир милиция кызматкерине — 6 жыл, экинчисине — 9 жылдык жаза белгиленген. Алар алгач 15 жылга эркинен ажыратылган болчу. Анткен менен 10 жылга эркинен ажыратылган «Дордой» базарынын кароолчусунун жазасы өзгөртүүсүз калган.

Маалымат жыйында шаардык соттун судьялары милиционерлердин жазасы аларга «Зордуктоо» эмес, «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси боюнча айып тагылгандыктан кыскартылганын айтышты.

«Тергөө органдары тарабынан 14 жашка чыга элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо боюнча айып тагылган. Бул зордуктоо боюнча берененин квалификациясынан айырмаланат. [...] Ал эми биринчи инстанцияда сот катаал жаза колдонгон. Биз мындай учурда чечимдин негиздүүлүгүн териштиребиз», — деди судья Мирад Динеев.

Ошондой эле ал шаардык сот ишти кайра карап, «мыйзамдуу чечим кабыл алганын» айтып, «судьяларды сатып алуу болгон жок жана болушу мүмкүн эмес» деп ишендирди.

Сот жазаны кыскарткан соң кыздын ата-энеси буга нааразы болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

«Мен сот акчага сатылды деген ойдомун. Анткени, соттолуучулардын жактоочулары, туугандары мага акча сунушташты. “Акча алсаң ал, албасаң биз аны сотко берип, ишти буруп коёбуз” деп ачык эле айтышты. 12-январдагы соттун өкүмүн укканда күнөөлүү тараптын айткандары орундалганын түшүндүм», — деген кыздын атасы.

Кыздын ата-энеси күнөөлүүлөр өмүр бою эркинен ажыратылышы керектигин белгилешкен.

Секелектин зордукталышы

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 2022-жылдын 30-августунда 13 жаштагы кыздын эки милиционер жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү аяктаган.

Анда кароолчу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп бере турган болгон. Андан тышкары, милицонерлер абактан чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт. Ал эми «Дордой» базарынын кароолчусу 10 жылга кесилген.

Өспүрүм кыздын зордукталганы коомчулукка 2022-жылдын февралында белгилүү болуп, резонанс жараткан. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Ошондой эле, зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.

Тема боюнча окуңуз: 13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди