Чүй: Кыйноолорду алдын алуу борбору майыптар жана карылар үйлөрү жылыбай жатканын аныктады

Чүй облусундагы он төрт социалдык мекемеде абанын температурасы текшерилип, көпчүлүгүндө бөлмөлөр муздак экени аныкталды. Бул тууралуу 21-январда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электр жарыгы өчүрүлүп жаткандыктан майыптыгы барлар жана карылар үйүнүн көпчүлүгү жылыбай жатканы жана суусу муздак экени аныкталды. Өчүрүүлөрдөн улам айрым имараттарда «тамак бышырууга да мүмкүнчүлүк жок экени» белгилүү болду.

«Майыптыгы бар балдарды, ар кандай оору менен ооруган адамдарды караган бул мекемелерде электр жарыгы сөзсүз түрдө берилиши керек. Ага карабай мекеме жетекчилери тешелүү органдарга электр жарыгын өчүрбөө өтүнүчү менен кайрылууга аргасыз болууда», — дешти кыйноолорду алдын алуу борборунан.

Санитардык-эпидемиологиялык талапка ылайык, социалдык мекемлердеги температура +18 градустан +24 градуска чейин жылуу болушу керек. Бирок борбор текшерген беш мекемеде орточо температура +14 гана градус экени белгилүү болду.

Ал эми угуусу начар балдар окуган мектеп-интернатын текшергенде, класстарда абанын температурасы +8, +12 градусту түздү. Ал эми электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда мекемеде +5, +8 градус гана жылуу болору аныкталды.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору мамлекеттик органдардан өзгөчө кыш мезгилинде социалдык мекемелердеги шарттарды жакшыртуу чараларын көрүүнү өтүндү.

Чилдедеги жарык өчүрүүлөр

Катуу сууктан улам өлкөнүн көпчүлүк аймагында электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Айрым тургундар жарык бир нече саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. Буга жооп катары Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүүнүн бекитилген графиктерин жарыялай баштады.

Өз кезегинде бийлик суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болуп жатат деген маалыматты четке кагып, бул өчүрүүлөрдү «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат.

Буга чейин энергетиктер тургундарды «жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн» деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип жатканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Негизги беттеги сүрөт: Табылды Кадырбеков / Sputnik

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн графиги жарыялана баштады — жарык орточо 1-2 саатка өчөт