Прокурор төкмө акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды

Мамлекеттик айыптоочу төкмө акын Болот Назаровду 10 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу журналист Актилек Капаров Фейсбук барагында жазды.

Ал Назаровдун соту 24-январь күнү саат 15:30да Чүй облусунун Москва райондук сотунда өтөрүн да кошумчалады.

Адвокат Бакыт Автандил прокурор Назаровго азыркы тоноо иши боюнча жети, баңгизат иши боюнча үч жыл абак жазасын сураганын билдирди.

10-январда Чүй облусунун Москва райондук соту Назаровдун баш коргоо чарасын карап, 16-мартка чейин камакта калтырган.

Назаров 2022-жылдын 9-ноябрында тоноочулукка шектелип кармалган.

Милициянын версиясы боюнча, аларга Беловодское айылынын тургуну кайрылып, Назаров анын жашы жете элек уулунан минип жүргөн атын сүрөткө түшүп алайын деген шылтоо менен сурап алып, өспүрүмгө «күч колдонуп, белгисиз тарапка чаптырып» кеткенин билдирген. Назаров ТИЗО-1ге камакка алынган.

Көп өтпөй Назаров менен кызматташкан журналист Болот Темиров «акын жылкыны чындап эле ага белек кылышкан деп ойлогонун», андай эмес экенин укканда аны кайтарып бергенин жазган. Ошол эле кезде бул иш боюнча жарыбрлануучу катары көрсөтүлгөн адам моралдык жана материалдык доо коюудан баш тарткан, бирок судья ишти жаппоону чечкен.

Назаровго буга чейин дагы кылмыш иштери козголгон. Ал УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир-туугандары жөнүндөгү иликтөө чыккандан кийин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу да кармалган.

Кармоо учурунда Назаров менен Темировдон баңгизат табылды делген. Темиров баштыктагы гишишти аларга «салып» кетишкен деген. Кармалгандар «баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын түрлөрүн сатуу максатында мыйзамсыз жасоого» шектелишкен. Эртеси күнү журналистти жана акынды эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотушкан.

2022-жылдын 28-сентябрында Свердлов райондук соту Темировдун иши боюнча чечим чыгарган. Судья аны баңгизат сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан иштер боюнча актаган, бирок документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок судья иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгилеген эмес.

Кийинчирээк Бишкек шаардык соту Темировду кыргыз паспорту жокко чыгарылгандыгына байланыштуу өлкөдөн чыгарып салуу чечкен.

Сот отуруму бүтөрү менен Темировду күчтөп аэропортко жеткирип, Орусияга депортация кылышкан. Ал эми Назаровго карата иликтөө азыр кайсы баскычта экени белгисиз.