Temirov Live: Акылбек Жапаров кийип жүгөн Loro Piana курткасы 1,1 миллион сом турат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баасы 1 миллион 100 миң сом турган италиялык Loro Piana брендине таандык куртканы кийип жүрөт. Аны Temirov Live’дын журналисттери аныкташты.

«Президент Садыр Жапаровдун дагы так эле ушундай курткасы бар. Мындан улам “кимди ким туурап жатат” деген суроо жаралат», — деди журналист Актилек Капаров.

Маалыматка ылайык, Жапаров Loro Piana брендине таандык куртканы 20-декабрда Токтогул ГЭСине барганда кийип чыккан.

Ошондой эле, минкабдын башчысы италиялык MooRER брендине таандык баасы 1 715 евро же 161 миң сомдук куртка да кийип калат. Жапаров 19-январда Жалал-Абад облусундагы «Нур» акционердик коомуна барганда ошол күрмөсүн кийген. Анда минкабдын башчысы катуу суукта 10 күндөй жылуулуксуз жана суусуз калган Майлуу-Суунун тургундары менен жолуккан.

Акылбек Жапаровдун эки курткасынын жалпы баасы 1 миллион 300 миң сомду чапчыйт. Бирок, 2021-жылга карта жарыяланган декларацияда Жапаров бир жылда 1 млн 471 миң сом тапканын көрсөткөн.

«Орто эсеп менен алганда Жапаров айына 83 миң сом табат. Бирок, бул акча Loro Piana брендине таандык [баасы 1,1 миллион сомдук] бир куртка сатып алууга жетпейт. Демек, аны сатып алуу үчүн ал бир жыл эки ай тынбай иштеп, бирок ошол убакыт аралыгында бир тыйын коротпошу керек болот», — дейт журналисттер.

Ошондой эле Жапаров декларацияда жакындары киреше таппаганын жана алардын мүлкү жок экенин көрсөткөн. Бирок, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, минкабдын башчысынын жубайы Анара Жапарова «Алма Агро» компаниясына ээлик кылат. Журналисттердин айтымында, компания 2022-жылы дээрлик 5 миллион сом салык төлөгөн.

Өлкө жетекчилеринин кымбат кийимдери

Акыркы кезде өлкө жетекчилеринин, жогорку даражалуу аткаминерлердин кийиминин баасы социалдык тармактарда байма-бай талкууга алынууда.

Президен Садыр Жапаров 400 миң сомдон ашык турган кардиган, дээрлик жарым миллион сомдук италиялык Stefano Ricci күрмөсүн, 1 млн 264 миң сом турган италиялык Loro Piana брендине таандык курткасын, 98 миң сомдук лыжа костюмун, баасы 80 миңден 98 миң сомго чейин жеткен таманы кызыл франциялык Christian Louboutin брендинин туфлисин кийип жүргөнүн байкашкан.

Соцтүйүндө УКМКнын башчысы Ташиевдин баасы 142 миң сомдон ашык италиялык Moncler брендинин Bauges үлгүсүндөгү куртка кийип жүргөнү да талкууланган.

Журналисттер буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кийимине көңүл бурчу эмес. Талкуу чордонунда Ташиевдин кызматтык унаасы болуп келген. Өткөн жылдын августунда атайын кызматтын төрагасы баасы 100 миң доллар, 2021-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа айдап жүргөнү байкалган.

Тема боюнча:

Политклиника: Тик учакта Жапаров менен Ташиев Moncler жана Loro Piano курткасын кийип жүргөн