Бир кадр менен: Кемпир-Абад иши боюнча тегерек стол шамдын жарыгында өттү

31-январда Бишкектин «Достук» мейманканасында Кемпир-Абад ишинин «жашыруун» грифи талкуулаган тегерек столдун катышуучулары жыйындар залында электр жарыгы жок болгондуктан шамдын жарыгында отурушту.

Сүрөт: «Клооп»

Тегерек столдун уюштуруучусу Айсулуу Кудайбердиева иш-чара өтөр күнгө чейин түндө ага жыйын өтө турган залдын электр зымдарында кыска туташуу болуп, жарыгы иштебей калганын айтышканын жазды.

«Авторитардык өлкөлөрдө иш-чараны үзгүлтүккө учуратуунун ыкмалары ошол эле бойдон калган. Митинг болсо, ага катышкандарды кармашат, тегерек стол болсо “суу каптап, жарык өчүп жана башкалары” болот», — деди Кудайбердиева.

«Кемпир-Абад иши боюнча кылмыш ишин жашыруунун мыйзамдуулугу жана зарылчылыгы» деп аталган тегерек столго укук коргоочулар менен кармалгандардын жактоочулары катышты. Ага президенттик аппараттын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү да чакырылган, бирок алар келген жок.

18-январда ИИМ Кемпир-Абад ишине толугу менен «жашыруун» макамын берген. Бул бардык сот отурумдары жабык режимде, айыпталуучулардын жакындары, журналисттер жана көз карандысыз байкоочулар катыша албайт дегенди билдирет. Ошондой эле, «жашыруун» грифи кармалгандардын адвокаттарына иш боюнча маалыматтар менен бөлүшүүгө тыюу салат.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында милиция бийликти Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп бергени үчүн сындаган саясатчылар жана активисттер массалык түрдө кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 30га чукул адам кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.