«Акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялардын оозунан жулуп алдым» — Жапаров Баткендеги үйлөрдүн курулушу тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик басылмасына берген кезектеги интервьюсунда Баткен облусундагы үйлөрдүн курулушу тууралуу Sputnik Кыргызстандын иликтөөсүндө айтылган маалымат боюнча комментарий берди.

Президент «бул эл үчүн дагы, бул иштен тынымсыз кыйкым издеген журналисттер үчүн дагы абдан кызык болот» деп Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча айтып берүүнү чечкенин белгиледи. «Ошондуктан менин иш башкаруучум Каныбек Туманбаевге жана “Аманат курулуш инвест” компаниясына эмнеге “асылып жатышканы” боюнча толук маалымат берейин», — деп кошумчалады Жапаров.

«Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн 500 миң сомдун тегерегинде курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: “Ар бир үйгө 5 млн 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат” дедим», — деп айтты Жапаров.

Президент «ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин» бул сметасы ага жакпаганын билдирди.

«Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула”, — деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон үнөмдөп калдык», — деди ал.

Жапаров Баткенде 500дөн ашык үй салынаарын баса белгиледи.

«Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты», — деп белгилеп, ортомчуларга акча иштеп алууга мүмкүнчүлүк бербегенин кошумчалады президент.

«Каныбек [Туманбаев] – мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. “Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун” деп турган кызматкерлердин бири» — деп белгиледи Жапаров.

Президент ошондой эле, үйлөрдү 1,3 млрд сомго салууга тендерден утуп алган «Аманат Курулуш Инвест» компаниясы тууралуу да айтты. Sputnik Кыргызстандын журналисттеринин айтымында, фирманын үй салууга тажрыйбасы жок болчу.

«Ал эми “Аманат курулуш инвест” компаниясы – Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен. Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду. Ошондуктан бизге ЖМКларда массалык түрдө чабуул болуп жатканда “мамлекеттин миллиарддаган акчасын жедирбей, дагы кимдин оозунан жулуп алышты экен” деп экинчи жагын да ойлогонду унутпагыла», — деди президент.

Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып, бийлик «мамлекеттик каражаттарды уурдатпаган үчүн бүгүнкүдөй аскерий жана башка техникалар сатып алып жатат. Мектеп, бала бакча, асфальт жолдор, темир жолдор салынууда. Ипотека аркылуу үйлөр курулууда. ГЭСтер, завод-фабрикалар курула баштады», — деп кошумчалады.

Баткенди калыбына келтирүүнүн жай темпи

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 83 киши экенин жазган.

Минкабдын маалыматына ылайык, жаңжалдын кесепетинен 661 үй жабыркаган, алардын 423ү жашоо үчүн жараксыз абалда, ал эми 238и ремонтко муктаж. Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттык сактоо мекемеси, 15 административдик мааниге ээ имарат, бир көпүрө, 197 турак-жай, 337 сарай жана 61 автоунаа талкаланган.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров суук түшкөнгө чейин кыска убакытта жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүнү, ал эми толугу менен кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын курууну тапшырган.

Бирок баткендиктер бийлик бүгүнкү күнгө чейин алардын үйлөрүн калыбына келтирип бере электигин айтып нааразы болушууда. Калыбына келтирүү иши жай болуп атканы парламентте да айтылып, курулуш компаниясын текшерүү керектиги белгиленген. Буга Мамкурулуштун мурдагы башчысы Нуртажин Жетыбаев бийлик «Аманат Курулуш Инвесттин» директорун таппай жатат деп жооп берген.

2023-жылдын январь айынын орто ченине карата бийлик кыйраган 400 үйдүн 45ин гана куруп бүткөн.