Бишкектеги ыш: Инфаркт болгон адвокат ЖЭБдин жетекчилигине кылмыш ишин козгоону суранды

Адвокат Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага арыз жазып, аба булганып жатканы үчүн Бишкек ЖЭБдин жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Юрист тек гана ыштын айынан инфаркт болгонун айтат. Бул тууралуу адвокат Фейсбук барагында жазды.

Анын айтымында, акыркы жылдары Бишкек абасынын сапаты эң эле булганган шаарлардын сап башына чыгып, бул жүрөктүн ишемикалык ооруларына, инсультка, өпкөнүн өнөкөт дарттарына жана балдардын дем алуудагы төмөнкү системаларынын инфекцияларына алып келип жатат.

«2020-жылдын 11-декабрында инфаркт болдум, “Бикард” клиникасында мага хирургиялык операция жасалды (стент коюшту). Инфаркт алуума Бишкек ЖЭБдин абаны булгап жатканы себеп болду деп айта алам», — деп жазды Айткулов.

Буга байланыштуу адвокат Башкы прокуратурадан Бишкек ЖЭБдин жооптуу адамдары менен тиешелүү көзөмөлдөөчү маморгандарга кылмыш ишин козгоону суранды. Айткулов башкы көзөмөл органдан Жазык кодексиндеги экоцид, адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо, атмосфераны булгоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде аткаминерлердин жоопкерчилигин кароону өтүндү.

Адвокат кылмыш ишин козгоодон баш тартылса, ал аны даттанаарын кошумчалады.

Ал арада Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова 7-февралда Бишкек ЖЭБи акыркы 10 жылда болгону бир эле жолу текшерилгенин билдирди. Ал техникалык аудит №3 меш агрегатынын түтүндүүлүгүн нормадан 9 эсе, ал эми №4 меш агрегатыныкын 7 эсе жогору көрсөтүп жатканын айтты. Кутманова текшерүү учурунда ЖЭБдин чыпкалары өчүк болгонун кошумчалады.

Бишкектеги ыш

Жыл сайын Бишкек кыш келери менен абасы булганган шаарлардын рейтингинде биринчи саптарга чыгат.

2022-жылдын октябрынын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкектеги ыш тууралуу изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган, ага ылайык шаардагы абанын булганышына жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жагылып жаткан сапатсыз көмүр негизги себеп болууда. Бийлик калаада аба булганып жатканына сапатсыз бензин жана жыш курулуштар дагы себеп экенин айткан.

Бийлик ыш менен күрөшүү үчүн Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну, ал эми күндүз шаарга жүк ташуучу унааларды киргизбөөнү, ошондой эле Бишкектин кире бериштерине катализаторлору жок унааларды аныктаган «унаа капкандарын» орнотууну ниеттенет.

Тема боюнча окуңуз: Бишкек мэриясы ыш менен кантип күрөшөрүн айтып берди

Кутманова өлкөгө Евро-5 классынан төмөн күйүүчү майды ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады