ТИМ: Түркиядан атайын борт менен 22 кыргыз жараны Казакстанга алынып келинди

Катуу жер титирөөдөн бир нече аймактары жабыркаган Түркиянын Газиантеп шаарынан 22 кыргыз жараны 9-февралда Казакстанга алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Астана шаарына келишкен. Кыргызстандын Астанадагы элчилиги кыргыз жарандарын Түркиядан алып келүүгө дагы да көмөк көрсөтөрү айтылды.

Мындан тышкары Түркиядагы чет элдик мекемелердин күчтөрү менен Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталия, Алания жана Анкара шаарларына Кыргызстандын 20дан ашык жараны эвакуацияланганы кабарланды.

Аны менен катар, 10 кыргызстандыкты Хатай шаарынан коопсуз аймактарга көчүрүү аракети болуп жатат.

Ага чейин «Казинформ» маалымат агенттиги 16 казакстандык менен бирге 2 кыргыз жараны да Астанага конгонун жазып чыккан.

Министрликтин 8-февралдын саат 12:00гө карата маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы айтылган. Маалыматка караганда, 39 жаштагы кыргызстандыкка керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ушул тапта абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарылган.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Түркиялык Anadolu басылмасы өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоганга таянып, табият кырсыгы 9 057 адамдын өмүрүн алганын, 52 979 киши жабыркаганын жазды.

Ал эми Сирияда зилзаланын кесепетинен 2 800дөн көп адам каза тапкан. Каза болгондорду тактоо иштери дагы деле уланууда.

Кыргызстандан түрк элине жардамдашууга 67 кишиден турган куткаруучулар тобу барып, учурда Кахраманмараш шаарында ураган имараттардын алдынан адамдарды издөө жана куткаруу ишин аткарып жатышат.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түздү.