Ош: Журналист Шохрух Саипов Аскер прокуратурасына чакырылганын билдирди

Ошто эркин журналист Шохрух Саипов «Достук» өткөрмө бекетиндеги «коррупция» тууралуу материал жарыялаган соң Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу ал 14-февралда билдирди.

Саиповдун айтымында, аны жарыялаган видеосундагы фактылар боюнча көрсөтмө берүү үчүн чакырышкан. Саипов учурда чет өлкөдө болгондуктан суракка бара албасын, бирок онлайн көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин журналист «Достук» бекетиндеги акча опузалоо боюнча видео жарыялаган соң ага карата коркутуулар болуп жатканын кабарлаган.

«Иликтөөмдөн кийин мага кайрадан коркутуулар келип жатат. Мен такыр коркпойм. Эгер коркконумда бул маселени көтөрмөк эмесмин», — деген ал.

Журналист материалды 13-февралда жарыялаган. Анда Орусиядан учуп келип, «Достук» чек ара бекети аркылуу мекенине өткөн өзбекстандыктар кыргыз чек арачылары алардан «акча опузалап жатканын» айтып беришкен. Видео жарыяланган соң Чек ара кызматы бул факты тууралуу ички иликтөө баштаганын билдирген.

Саипов көбүнчө өзбекстандык жарандардын укуктарынын бузулушуна байланышкан темаларды көтөрүп келет. Ал өткөн жылы 4-августта Ош ОИИБге сурак берип чыккан. Буга анын 21-июлда Ош аэропортунда таксисттердин өкүмзордугуна кабылганы боюнча пост жазганы себеп болгон.

Ал эми 2022-жылдын жылдын февралында ал «Достук» өткөрмө бекетиндеги таксисттердин чет элдиктерге жасаган орой мамилеси тууралуу айтып чыгып, бул боюнча да милицияга чакырылган.

Таксисттердин өкүмзордугуна соцтармактар аркылуу Өзбекстандын жарандары да даттанышкан. Бул маселе боюнча облустук милиция текшерүүнү баштаган болчу.

5-августка карата Ош аэропортундагы 105 таксист милицияга чакырылып, 25исурак берген.

Кийинчерээк Саипов ага карата коркутуулар болуп жатканын айтып, бул факты боюнча милицияга арыз жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Журналист Шохрух Саипов ага карата коркутуулар боюнча милицияга арыз жазды

Ош: Журналист Шохрух Саипов коркутууларга кабылып жатканын айтты

Аэропорттогу таксисттердин Өзбекстандыктарга кылган мамилеси боюнча 105 таксист суракка чакырылды