Кемпир-Абад иши: Саясатчы Равшан Жээнбеков жеке менчик ооруканага жаткырылды

Равшан Жээнбеков. Сүрөт: Kaktus.Media

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн жеке менчик ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты 15-февралда «Клоопко» Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал ооруканага боорун дарылатуу үчүн 14-февралда жиберилген. Учурда абалы туруктуу.

Ошондой эле маалыматты саясатчынын тарапташы Айсулуу Кудайбердиева дагы тастыктады.

«Равшан Жээнбеков боорун дарылатуу үчүн ооруканага жаткырылды. Ал айрыкча укук коргоочуларга, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жана Жалпыга маалымдоо каражаттарына дарылоого жиберилишине көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет», — деп жазды Кудайбердиева.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 28-январында, Жээнбеков боор оорусу кескин күчөп кеткенин айтып, абактан кат жазган. Ал Жаза аткаруу кызматынан абактан ооруканага которууну өтүнгөн.

Ал эми 2-февралда Кыйноолорду алдын алуу борбору саясатчыны ооруканага которууга уруксат бербей жатышканын билдирген.

Оппозициячыл саясатчы 3-февралда кайрадан кат жолдоп, Юстиция министрлигине, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, Акыйкатчы институна, ЖМКга жана укук коргоо уюмдарына кайрылган.

Жээнбеков анда көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү жана боорун дарылоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, «ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратканын» белгилеген.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков — Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири. Активисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

ИИМ алардын баарына «Массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагып жатат. Бирок кармалгандар күнөөсү жоктугун, кылмыш иштер «токулганын» айтышууда.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

2022-жылы 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимдин долбоорун үч окууда жактырган. Ошондой эле депутаттар «Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишиминин» долбоорун кабыл алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абактан кат: Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап кеткенин кабарлады

Равшан Жээнбековду ооруканага которуу сунушталган, бирок ЖАК андай кылбай жатат — укук коргоочулар

«Абалым начарлап баратат». Равшан Жээнбеков көз карандысыз дарыгерлер кеңешин түзүүнү суранды