Мектепке күчүгүн алып келген окуучуга орой мамиле жасаган мугалимдерге эскертүү берилет

Мектепке күчүгүн ээрчите келген окуучуну тилдеген мугалимдерге эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 16-февралда «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, окуя үстүбүздөгү жылы 13-февралда Баткен облусунун Кадамжай районундагы №5 Бабажан Айтматов атындагы мектеп-гимназиясында болуп өткөн.

Анда 4-класстын окуучусу мектепке күчүк көтөрүп келген. Класс жетекчиси аны урушуп, социалдык иштер боюнча педагогду чакырган. Ал окуучуга эскертүү берип, директорго алып кирген. Андан соң окуучунун колун жуудуруп, класска киргизген.

«Видеодогу көрүнүшкө жол бергени үчүн аталган мектептин директоруна жана соцпедагогуна эскертүү, ал эми видеону тарткан мугалимге жана окуучуга орой мамиле жасаган мугалимге катуу эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен катар, учурда бул окуя боюнча аймактык администрация тарабынан да териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Ошондой эле видеодогу куралчан кызматкер коопсуздук кызматкери эмес экени, Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими сабактан чыгып бара жаткан учурда видеого түшүп калганы кошумчаланды.

Буга чейин интернетте баштыкка салынган күчүгүн мектепке алып келип, бөлмөдөгү кийим илгичке илип койгон окуучунун видеосу тараган. Анда мектептин мугалимдери аны тилдеп, директордун бөлмөсүнө алып барганын жана орой мамиле көрсөткөнүн көрүүгө болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды

Сузак: Мектепте сабалган окуучу кыз, апасы жана мугалим окуя боюнча үн катышты

Укук коргоочулар: Окуучуну сабаган мугалимдин үстүнөн ата-энелер мурда дагы арызданышкан