Кемпир-Абад иши: Активист Перизат Суранова үй камагына чыгарылды

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Перизат Суранова 17-февралда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматка ылайык, Суранованы камакка алуу бөгөт чарасы 20-апрелге чейин үй камагына өзгөртүлүп, сот залынан бошотулду.

Буга чейин, 14-февралда, Суранова Чүй облустук ооруканасына жаткырылып, ага операция жасалары кабарланган. Ага чейин ал ооруканага которууну суранып, абактан бир нече ирет кат жазган.

Ал абакта жаткандарга тандалма мамиле болуп жатканын айтып, саясий себептен улам ТИЗО-1де жаткандар өзгөчө дискриминацияга кабылганын билдирген.

Дарыгерлер мурда эле активистке тез арада операция жасатуу керек экенин билдиришкен. Ага «жатын миомасы» деген диагноз коюлуп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу коркунучу бар экени, бул өмүрүнө кооптуу экени айтылган.

Ошол эле күнү, 17-февралда, Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 4 аялдын — Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартованын — тергөө абагындагы мөөнөтү эки айга узартылган.

Кармалгандардын ичинен учурда ден соолугуна байланыштуу саясатчылар Мамбетжунус Абылов менен Равшан Жээнбеков ооруканада, сот аларга дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтып барууну милдеттендирди.

Кемпир-Абад боюнча соттук иштер

Үстүбүздөгү жылы 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад боюнча 11 кишини абакта калтырып, ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова жана куруучу Нурлан Асанбековдун үй камагында калтыруу мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан.

Ал эми 16-февраль күнү сот 7 кишинин абактагы мөөнөтүн узартып, ден соолугуна байланыштуу активист Талантбек Эшалиевди дагы эки айга үй камагында калтырган.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Абактагылар «күнөөлөрү жоктугун» айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет.

2022-жылы 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимдин долбоорун үч окууда жактырган. Ошондой эле депутаттар «Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишиминин» долбоорун кабыл алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абактагы активист Перизат Суранова ооруканага жаткырылды, ага операция жасалат

Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова кайрадан ооруканага которууну өтүнүп абактан кат жазды

Касиет Мамырбай: Абактагы Перизат Сурановага тез арада операция жасалууга тийиш