«Бийлик арыгын алдын ала чаап жатат». Мадумаров президенттердин жолугушуусун сынга алды

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровдун Дубайда мурдагы президенттерди чогултканын сынга алды. Бул тууралуу 21-февралда «Super.kg» порталы жазып чыкты.

Депутаттын пикиринде, эгерде экс-президенттердин эркиндигине, өмүрүнө кепилдик берилсе алар Кыргызстанда эле чогулушканы жакшы болмок.

«Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. Баарын бир столго бириктирдим деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен», — деди ал.

Ошондой эле Мадумаров, жолугушуунун негизги максаты — президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес экендигин айтып, «азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын ала чаап жатат» деп белгиледи.

Жапаровдун мурдагы президенттер менен жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров 18-февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы жана бозгун президенттерин чогулткан. Жапаров жолугушууда биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары «ачуу кептерди айтып, көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүшүп, эң башкысы — бири-бирин кечиришкенин» белгилеген.

Президент кыргызстандыктарга да кайрылып, «кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин» айтып, «өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салып, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонууга» чакырган.

Буга чейин жакында эле абактан бошотулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жолугушуу тууралуу билдирүү жасаган. Ал жолугушууга мурдагы президенттер келери тууралуу алдын ала кабардар болбогонун, жолугушууда Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев гана болору маалымдалганын айткан.

Анын пикиринде, «өлкөдө тынчтык жана биримдикти орнотуу менен Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши» — эки башка нерсе. Ал эми аларды айкалыштыруу «такыр башкача жыйынтык берет».

Бийлик Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн негиз түптөп жатканы тууралуу божомолдор мурдагы президенттер Дубайда жолукканга чейин эле айтылып жүргөн.

Курманбек Бакиев 13 жылдан бери Беларуста жашайт — ал 2010-жылы Кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Сот 2013-жылы 7-апрелдеги ыңкылапка байланыштуу Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акаев: Садыр Жапаров «президенттерди Кыргызстанга алып келем» деген маселе көтөргөн жок

«Колдоого чакырдым». Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу кат жазды

Атамбаев: Мага Жапаров жана Ташиев менен эле жолугасың дешкен