Куршаб: Кемпир-Абад боюнча кармалган активист Акыл Айтбаевдин тарапташтары митингге чыгышты

25-февралда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активист Акыл Айтбаевди колдоо митинги өттү.

Акцияга 100гө чукул жергиликтүү тургун катышты. Алар «Акыл Айтбаевге боштондук!», «Ак ийилет, бирок сынбайт!», «Жерибиз үчүн бекем туруу — кылмыш эмес!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Активисттин жакындары жана тарапташтары анын «бейкүнөө» абакта жатканына нааразы болуп, бийликтен Айтбаевди бошотууну талап кылышты.

«Биз мыйзамдуулукту сактап, элдин сөзүн угуп, адилетүүлүк үчүн күрөшүп жаткан адамдарды чыгаруусун талап кылабыз. Же бир далили жок. Соттор баары буйрукту аткарышат. Сотту цирк, шоу кылып өткөрүшөт. Бүгүн жакын туугандарыбызды, жакындарыбызды чогулттук. Төрт айдан бери сабырыбыз түгөндү» — деди активисттин кызы Айжаркын Айтбаева.

Буга чейин 23-февралда Айтбаев абактан кат жазган. Ал укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзбөй жатканын белгилеп, аны төрт айдан бери бир гана жолу суракка алып барышканын айткан.

Акыл Айтбаев октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га жакын саясатчы жана активисттер менен бирге кармаган.

ИИМден алар «массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө» шектелип жатканын билдиришкен. Кармалгандар күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Кармалган активисттер менен саясатчыларды сот эки айга камакка алып, 15-февралда көпчүлүгүнүн баш коргоо чарасын дагы эки айга узарткан. Ал эми бир нече активист үй камагында калтырылып, айрымдары ооруканага жаткырылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келген. Анда эки өлкөнүн президенти Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагы активист Айтбаев төрт айдан бери бир гана жолу сурак бергенин айтты