Ош: Кара-Сууда таксистти өлтүрүүгө шектүүлөр изделип жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда такси айдоочусун өлтүрүүгө шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу 27-февралда Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-февралда саат 21:20да райондогу Фуркат айылында 35-40 жаштагы кишинин сөөгү жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Ыкчам тергөө төбү жерине барып, «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Алгачкы териштирүүдө  Медресе айылынын 37 жаштагы тургуну маркум анын үйүнө оор жараат алып келип калганын айтып берген. Ал эми анын унаасы Ош шаарынын Уркуя Салиева көчөсүнөн табылган.

«Турмуш»  маркум Кара-Кулжа районунун Чалма айылында жерге берилгенин жазды. Анын досу басылмага айрым жагдайлар боюнча комментарий берди.

«Досумдун беш жерине туш келди бычак сайылган соң ыргытып, унааны алып кетишиптир. Андан соң өзү туш келди басып, бирөөнүн эшигинин алдына барып калыптыр. Досум үйлөнө элек болчу», — деди ал. 

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.

Ошто акыркы айларда адам өлтүрүү, сабап кетүү, опузалоо жана курал колдонуу сыяктуу криминалдык окуялар көп каттала баштаганы байкалууда. Алардын эң резонанс жаратканы — 13-январда Оштогу кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү болгон. Окуя Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан банктын жанында катталган. Бир нече киши 30 жаштагы кишиге кол салып, ал каза тапкан.

Аны өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелип «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов өзү да кармалып, ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Мындан сырткары милиция анын кылмыштуу тобунун бир нече мүчөсүн шектүү катары кармап, камакка алган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалды

Ошто акча опузалоого шектелип «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Кримтөбөл «Женго» ТИЗО-1ге эки айга камалды

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды