Кадамжай: Эки жашар кызын сабап, видеого тартты деп шектелген аял үй камагына чыкты

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын уруп-сабоого шектелген аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 2-мартта «Клоопко» облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Чечим 1-февралда Кадамжай райондук соту тарабынан кабыл алынды, кийинки соттук кароо 6-мартка белгиленди.

30-январда соцтармактарга белгисиз аял жаңы баскан кызды сабап жаткан видео тараган. Анда аял ыйлаган наристени бетке чаап, кыйкырып жатат. Көп өтпөй, 31-январь күнү Баткен облустук милициясы видеодогу аял кармалып, эки суткага камакка алынганын маалымдаган.

Милициянын маалыматына караганда, укук коргоо органдарына 27-январь күнү видеодогу наристенин атасы арыз менен кайрылган. Арыз ээси жарандык никедеги аялы 5-январь күнү экөөнүн ортосундагы эки жашар кызды уруп, видеого тартып, WhatsApp аркылуу жибергенин айткан.

Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып, «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун кошумчалашкан. Ал эми 1-февраль күнү райондук сот шектүүнү бир айга ТИЗОго киргизүү чечимин кабыл алган.

Ал эми жашы жете элек үч баласын мамлекет камкордукка алып, үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылган.

Шектүүнүн айтымында, күйөөсү төрт ай мурда атасы менен инисин атып өлтүргөндөрдү кечиресиң деген талап менен баланы сабады деп милицияга арыз жазган.

Ал эми күйөөсү муну четке каккан. Ал «Клоопко» курган маегинде, үй-бүлөдөгү чыр чатактардан тажап, бир ай мурда үйүнөн кетип калганын айтып, бир гана максаты — кызын татыктуу тарбиялоо экенин билдирген.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Зомбулуктан жапа чеккен балдарга кантип жардам көрсөтсө болот?

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда сиз «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат, ошондой эле күнүгө күнү-түнү иштейт. Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Зомбулукка кабыл болгон балдарга жардам бере турган борборлор иштейт. Төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда эки жашар кыздын сабалышы: Наристенин атасы үн катты

Баткен: Эки жашар кызын сабоого шектелген аял бир айга камакка алынды