Алдамчылык үчүн соттолуп, эмчектеги баласы менен абакта отурган аял бошотулду

Алдамчылык үчүн алты жылга соттолуп, эмчектеги баласы менен абакта отурган аял эркиндикке чыкты. Аялды камакка алуу боюнча мурда чыккан өкүм ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт. Бул тууралуу 3-мартта адвокат Замир Жоошев билдирди.

«Өкүмдү Бишкек шаардык соту кабыл алды. Ымыркай 14 жашка чыккандан кийин мыйзамга ылайык, аялдын эркинен ажыратуу түрүндөгү жазасы башка жеңилирээк түргө өзгөртүлөт же аны өтөөдөн таптакыр бошотулат» — деди ал.

Аны менен катар, адвокат мындай чечим чыгарганы үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Буга чейин, 28-февралда Жоошев фейсбук барагында сот залындагы темир тор артында эмчектеги баласы менен отурган аялдын сүрөтүн жарыялаган.

Ал 35 жаштагы Аида Исакова экени айтылган. Ал «Дордой» базарында иштеп жүрүп бир жарандан жылдык 144% үстөгү менен карыз алганы маалымдалган. Бирок карызын толук төлөй албай кош бойлуулугуна карабастан ТИЗОго түшүп калган.

2022-жылдын декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок жактоочу тарап райсоттун чечими боюнча Бишкек шаардык сотуна даттанган.

«Бул мыйзамсыз, анткени судья Акылбек Адимов жаза мөөнөтүн жылдырып, баласы 14 жашка чыкмайын камакка албашы керек болчу», — деген Жоошев 2-февралда шаардык соттогу отурумдан кийин.

Анын айтымында, аял 15-февралда төрөт үйүндө кайтаруу менен көз жарып, андан соң кайра ТИЗОго жеткирилген. Анын дагы алты кичинекей баласы бар.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты 1-мартта Тазабек Икрамов парламентте Аида Исаковага ырайым кылып, жардам берүүнү сунуштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Депутат Бекешев кош бойлуу аялдарды жана улгайган адамдарды камакка алууга тыюу салууну сунуштады

Бир кадр менен: Алдамчылык үчүн соттолгон аял эмчектеги баласы менен темир тордо