Бишкек: Милиция аялды уурдоого шектелген кишини кармады

Борбор калаанын Калыс-Ордо конушунда аял уурдалды. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 4-мартта болуп, буга байланыштуу милицияга жабырлануучунун күйөөсү кайрылган. Ал белгисиз киши аялын унаага салып, белгисиз тарапка кетип калганын айтып берген.

Милиция бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 22 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өлкө кыздарды жана аялдарды уурдоо чанда кездешет. Көбүнесе аларды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдашат. Анткен мындай окуялардын бери дегенде эле экөөсү аялдарды же кыздарды өлтүрүү менен аяктаганы белгилүү.

Алсак, 2018-жылы Марс Бөдөшев 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын уурап, аны милиция бөлүмүндө өлтүргөн. Бөдөшов мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген, ал эми анын жан жөкөрү 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Кыздын милиция бөлүмүндө киши колдуу болушуна жол берген милицонерлер болгону 260 миң сом айып менен кутулган.

2021-жылдын апрелинде Айзада Канатбекова уурдалып, киши колдуу болгон. Аны Замирбек Теңизбаев өлтүргөн. Кыздын жанан аны уурдаган Теңизбаевдин сөөгү Бишкекке жакын жердеги талаадан табылган.

Милициянын версиясы боюнча, Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйган. Кийинчерээк Теңгизбаев кызды өлтүргөнгө чейин зордуктаганы да белгилүү болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган. Ал эми ошол убакта кызды издөө ишине жетишерлик аракет көрбөгөн милицонерлердин шалаакылыгы бүгүнкү күнгө чейин иликтене элек.