Асия Сасыкбаева ага карата дагы бир кылмыш иши козголгонун айтты

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Асия Сасыкбаевага дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал 16-февралда «Азаттыкка» билдирди.

Сасыкбаева ага кандай негизде кылмыш иши козголгону тууралуу кабары жок экенин белгиледи. Ошондой эле ал соттук отурумду жашыруун деген макам менен өткөрүүгө негиз жок деп эсептейт.

«Мында жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес. Антени бүт эле жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, сүйлөгөн сөзүбүздүн баары ачык. Экспертизанын жыйынтыгы менен таанышып чыктык. Ал жерде дагы башаламан. Экинчи экспертиза биринчисинен айырмаланат», — деди Сасыкбаева.

16-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 13 кишинин баш коргоо чарасын карап жатат. Кечээ сот ушул иш боюнча 8 кишини абакта калтырып, эки адамдын үй камагындагы түрүндөгү бөгөт чарасын эки айга узарткан.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 30га чукул активист жана саясатчы кармалган. Күч органдары аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагышкан.

Укук коргоочу уюмдар жана кармалгандардын жакындары муну саясий куугунтук деп атап, калыс териштирүүнү суранып президентке кайрылып, ошондой эле бир катар нааразылык акцияларына чыгышкан.

Кийинчерээк абактагы 19 активист ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык жарыялагандан кийин көпчүлүгүнүн ден соолугу начарлап, айрымдары аларды ооруканага которууну талап кылышкан. Абактагылар күнөөлөрү жоктугун айтышып, аларды бошотууну талап кылып келишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад ишин эмнеге жашырышты? Эч ким билбейт, анткени ал дагы жашыруун!