Активист Адилет Балтабайдын жакындары Жогорку соттун алдында аны бошотууну талап кылышты

10-мартта Жогорку соттун жана УКМКнын имаратынын алдында жарандык активист Адилет Балтабайдын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны бошотуу талабын коюшту.

Активисттин тарапташтары «Адилет Балтабайга боштондук!» деген плакаттарды көтөрүп турушту. Алар Балтабайдын элдин тынчтыгын буза турган, башаламандык уюштура турган чакырыктарды жасабаганы лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аныкталганын, бирок ага карабай ал 5 жылга камалып кеткенин айтышты.

«Менин балам камакка алынып, жалган-жалаа жабылып, өзү эле эмес бир туугандары, биз да азап тартып жатабыз. Жакында боло турган сотто адилетүү чечим чыгарылышы үчүн Жогорку соттун алдына келдим», — деди активисттин апасы Сайкал Жунусова

Андан соң чогулгандар УКМКнын имаратынын алдына барып, Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, ал менен жолугуу өтүнүчү жазылган кат калтырышты.

Адилет Балтабайдын иши

Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Балтабай акыркы убакта Next TV телеканалында кабарчы болуп иштеп жатканын айткан. Ал активисттин суракка чакырууга фейсбуктагы посттору себеп болду деген оюн айткан.

Активист өзү фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн арасынан 20-30 пост тандалып алынып, экспертиза аларда массалык башаламандыктарга чакырык бар деген корутунду чыгарганын айткан. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген болчу.

11-ноябрда сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда сот үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

Ал эми 2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, жарандык активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган.