Кыргыз боз үйлөрү. Сүрөт: Кемал Кылычдароглунун ыктыярдуу тарапташтары / Twitter

Түркиялык оппозициячыл саясатчы Кемал Кылычдароглунун тарапташтары зилзаладан жабыркаган аймакка жардам катары жөнөтүлгөн кыргыз боз үйлөрүнө тамшанып, катар тизилген үйлөрдүн сүрөтүн бөлүштү.

Алар кыргыз эли тиккен боз үйлөрдү түрк мамлекеттик кызматынын чатырлары менен салыштырды.

«Сол тараптагы AFAD [Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу министрлиги] тарабынан тигилген чатырлар, ал эми оңдо Кыргызстандын гуманитардык уюмдары тарабынан тигилген боз үйлөр. Олуттуу эместик, тартипсиздик эң ичке кан тамырларга чейин сиңип калыптыр», — деп айтылат билдирүүдө.

«Демирөрен» агенттигинин 18-февралдагы маалыматына ылайык, Кахраманмараш шаарында тигилген боз үйлөргө зилзаладан жабыркаган шаар тургундары жайгаштырыла баштаган.

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, курмандыктардын саны жалпы 46 миң кишиге жетип, жабыркагандардын саны 100 миңден ашкан. Көптөгөн имараттар толугу менен талкаланган.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, аталган эсепке 17-февраль күнү эртең мененки саат 10:00го карата 44,7 млн сом жана дагы 14 400 рубль келип түшкөн.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. 9-февралда ӨКМ кыргыз куткаруучулары урандылардын астынан 19 кишинин сөөгүн алып чыгышканын билдирген.

Ошондой эле 12-февралда Кыргызстандан атайын борт менен Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам берүү үчүн 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөп кеткен.

Ал эми дагы 50 куткаруучу, 75 боз үй, ошондой эле медициналык каражаттар, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам 14-февралда жиберилери кабарланган.

Буга чейин кырсыктан Түркиянын Адана шаарында жашаган бир кыргыз жараны жабыркаганы жана бир жаран урандылардын алдында калып каза тапканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Түркиядагы зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын астынан алып чыкты

Түркиядагы зилзалада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

Түркияга жардам үчүн атайын эсепке 44,7 млн сом түштү, анын үчтөн биринен көбүн муфтият чогултту