«Саясатташтырбагыла». Салымбеков ижарачыларга митингге чыгууга тыюу салуу боюнча түшүндүрмө берди

«Дордой Дыйкан» соода-базар комплексинин жетекчиси Эркинбек Салымбеков соцтармактарда ижаранын шарттары боюнча тараган катка байланыштуу «Клоопко» түшүндүрмө берди. 13-мартта тараган катта арендаторлор ар кандай саясий мүнөздөгү кездешүүлөргө жана митингдерге катышса, анын аракетинде бийликти зомбулук менен басып алуу чакырыктары болсо келишим бузулары айтылган.

Сүрөт: bespredelKG

Салымбеков билдирүү менен ишкерлерди кысымга албаганын, «болгону соода-комплекстин атынан чыгып саясатташтырбагыла» деп эскерткенин айтат.

«Конституцияда ар бир жаран өзүнүн үнүн жеткирип, сөзүн айтканга укугу бар. Эч ким ага тоскоолдук кыла албайт. Биздин ишкерлер да ККМ ЭТТКга каршы митингдерге чыкканда биз чыгыңыздар, өзүңүздөрдүн оюңарды айтыңыздар, ар кимдин укугу бар дегенбиз. Бирок бул жерден саясатташтырбагыла, саясаты жок көйгөй-маселеңерди айткыла дегенбиз», — деди ал.

Мындан улам Салымбеков «силер чыкканда бизге залакасы тийбесин, өзүңөрдүн атыңардан чыккыла деген мааниде ижарачыларга ушундай билдирүүнү жибердик» дейт.

«Бирөөнүн оозун тыйып, бирөөнү басынтайын деген максатым жок. Ишкерлер баарыбыз өкмөткө сунуштарыбызды берип, баарына жакшы болгондой бир чечимге келишибиз керек. Ошон үчүн эле ушундай чечим болгон. Бирөөнү коркутуп-үркүтөйүн деген оюбуз жок болчу. Биз билдирүүнү бергенде ККМ боюнча чыкпагыла деп айткан эмеспиз, биз Конституцияга каршы келген төңкөрүш, зомбулук менен бийликти басып алуу боюнча митингдерге катышсаңыздар анда келишимди үзөбүз деп эскерткенбиз», — деп түшүндүрдү ал.

Ижара келишимин кайра карап чыгуу

Буга чейин дал ушундай өңүттөгү кат Салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан жазылып, анын сүрөтү тараган. Анда башкармалык базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынан тез арада сатуучулар менен ижара келишимин кайра карап чыгууну, анын ичинде эки жаңы пунктту киргизүүнү суранган.

Биринчи пунктта ижарачы ар кандай саясий мүнөздөгү кездешүүлөргө жана митингдерге катышса, мүлктүн ээси ижара келишимин бир тараптуу бузуп алышы мүмкүн экени айтылган.

«Ошону менен бирге ижарачынын аракеттеринде мамлекеттик бийликти басып алууга же аны күч менен кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө чакырыктар байкалган учурда [келишим үзүлөт]. Анткени булар кийин ижара берүүчүнүн атына, аброюна же кызыкчылыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп жазылган катта.

Экинчи шарт катары, ижарачынын мүлктүн ээсинин бардык ишмердүүлүк чөйрөлөрү тууралуу «тастыкталбаган терс» маалыматтарды таратпоосу, ага карата мыйзамсыз аракеттерге барбоосу көрүлгөн.

Каттын астында мөөнөт кыска болгондуктан, ижара келишимдерин кайра карап чыгуу боюнча маалыматты 10-мартка чейин берүү өтүнүчү жазылган. Документте салык кызматынын Ош боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Майрамбек Карыбековдун атынан кол коюлган.

Анда Салык кызматынын борбордук аппараты учурда келишимди кайра түзүү өтүнүчү жазылган кат фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирген. Буга чейин базарларга, кичи базарларга жана соода борборлоруна келген каттарды кайтарып алуу боюнча буйрук берилгени айтылган.

«Митингдерге катышуу же катышпоо чечими ар бир жарандын укугу жана жеке иши», — деп билдиришкен аталган кызматтан.

Ведомстводон бардык аймактык салык органдарына ишкерлер арасында көзөмөл кассалык-машиналарды (ККМ), электрондук товардык транспорттук коштомону (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин гана күчөтүүнү тапшырганын белгилешкен.

Акыркы убакта ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы байма-бай митингдерге чыгып жатышат. Акцияларга чыккан жүздөгөн адамдар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

ККМ жана ЭТТК 

Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) — бул маалыматты салык кызматынын бирдиктүү маалыматтык тутумуна онлайн режиминде жөнөтүп турган аппарат. Аны товар сатууда же кызмат көрсөткөн учурда колдонуу керек.

ККМ аппаратын сатып алуунун ордуна ишкерлер кадимки эле ККМдин функциясын аткарган мобилдик колдонмону телефонго жүктөп алса болот.

2021-жылдын аягында президент жарлыкка кол койгон, анда ишкерлерди иш учурунда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууну баштоого милдеттендирген.

Бирок ишкерлердин нааразычылыгынан кийин бийлик базарлардын, кичи базарлардын, жарманкелердин жана көргөзмөлөрдүн аймагында иш алып барган субъекттерге 2023-жылдын 1-апрелине чейин кассалык аппаратсыз иштөөгө мүмкүнчүлүк берген.

Электрондук товардык транспорттук коштомо (ЭТТК) 2023-жылдын башынан тартып милдеттүү болуп калды. Мурда соодагерлерге коштомо кагаз түрүндө гана жетиштүү болсо, азыр электрондук документ керектелет.

Аны каттоо үчүн соодагерлер Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында «Жеке кабинет» ачышы зарыл, ал жерге ар бир товарга коштоочу кагаздардын электрондук версиясы киргизилиши керек.

Февраль айынын аягында Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылы ишкерлер туш болгон кыйынчылыктардан улам ЭТТК колдонбогону үчүн айып пул салынбай турганын айткан.

ККМге каршы митингдер көп болуп, ишкерлер Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылышкан. Мындан улам Акылбек Жапаров соңку интервьюларынын биринде «зарыл болсо КММди базарларда киргизбей туруу мүмкүнчүлүгүн карайбыз» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто салык органдары ишкерлерге митингге чыгууга тыюу салышы боюнча иликтөө башталды

Президент Жапаров Нарында митингге чыккан эл менен жолугуп, ККМ боюнча пикир билдирди

Ошто салык органдары ишкерлерге митингге чыгууга тыюу салышы боюнча иликтөө башталды

Бишкекте ишкерлер ККМ менен ЭТТКга каршы кайрадан митингге чыгышты

«Акылбек Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер ККМ жана ЭТТКга каршы митингге чыгышты