Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктоого айыпталгандардын биринин чечимин күчүндө калтырды

Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктоо иши боюнча кармалган төртүнчү айыпталуучунун чечимин күчүндө калтырды — сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, 13-марта өткөн отурумда бир гана айыпталуучу — официант боюнча доо арыз каралды. Адвокат калган айыпталуучулар — эки милиция кызматкери жана кароолчуга карата даттануулар өз өзүнчө каралат деп кошумчалады.

Эки милиционерге чыккан өкүмгө карата апелляциялык арыз боюнча отурум Жогорку сотто 22-марта өтөт.

13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын эки милиционер жана «Дордой» базардын кароолчусу тарабынан зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү аяктады. Зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн.

Райондук сот кароолчуну 10 жылга, ал эми эки милиционерди 15 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берет. Мындан тышкары, милицонерлер абак жазасын өтөп чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт.

Бирок 2023-жылдын январда Бишкек шаардык соту эки милиционердин абак мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

Өспүрүм кыздын зордукталганы 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Активисттер кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөрүшкөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысынын отставкасын талап кылышкан, ал эми кризисттик борбоорлор президентке кайрылуу жасап аялдарга жана балдарга карата зомбулукту токтотууну суранышкан.

Дагы окууңуз: Зордуктоодон кийин өз жанын кыйган 13 жашар кыздын иши: Шектүү, эки тергөөчү жана эксперт кармалды