Бишкекте милиционерлер тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өтөт

Бишкек шаарында эки милиция кызматкери жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өтөт. Бул тууралуу активисттер 20-мартта соцтармактарда билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция 22-март саат 10:00дө Жогорку соттун имаратынын алдында башталат.

Ал күнү милиция кызматкерлери райондук соттун чечимине даттанганына байланыштуу соттук отурум болуп өтөт. Ал эми акциянын катышуучулары мурдагы соттук инстанциянын өкүмүн жеңилдетип жибербөөнү талап кылышмакчы.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Буга чейин 13 жашар кыздын иши боюнча базардын кароолчусу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы 13-январда, Бишкек шаардык соту эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн кыскартып, бирөөнү 6 жылга, ал эми экинчисин 9 жылга кескен. Ал эми үчүнчү айыпталуучу — базардын кароолчусуна карата мурдагы өкүм күчүндө калтырылган.

Аталган окуя боюнча депутат Жанар Акаев быйыл 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, бул ишке көңүл бурууга чакырган.

«Шаардык сот 13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин [жаза мөөнөтүн] 15 жылдан 6 жылга түшүрүп коюптур. Бүгүнкү күндө Жогорку сотко келди. [...] Бул эми “үч баласы бар экен, жеңилдетип койбосок болбойт” дешиптир. Демек бул жакында чыгат экен да», — деп билдирген эл өкүлү.

Ошондой эле Акаев «милиция кызматкерлеринин укук коргоо органдарында иштеген туугандары жабырлануучу кыздын ата-энесин коркутуп, бүгүнкү күндө кыз күзөтчүнүн коштоосунда мектепке каттап жатканын» белгилеген.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот 13 жашар кызды зордуктоо боюнча соттолгон эки милиционердин жазасын эмнеге кыскартканын айтты

13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

Кыздарга жана аялдарга карата зомбулук. Активисттер президенттен ыкчам жолугушуу суранышты