Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» эсебинин бөгөттөлүшү боюнча арызын канааттандырган жок

Сүрөт: Азаттык басылмасы

Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу 23-мартта басылмадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган чечим ишти жабык режимде караган соттук коллегия тарабынан кабыл алынды.

«Азаттык» басылмасынын банк эсептери 2022-жылы 21-декабрда Ички иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бөгөттөлгөн.

ИИМдин кайрылуусуyнда 2021-жылы козголгон «Кылмыштуу кирешени адалдоо» негиз катары көрсөтүлгөн. Ал эми басылманын билдиришинче, кылмыш ишинде «Азаттык» кандай макамда өтүп жатканы күч органы «жашыруун грифи» бар деген негизде ушул күнгө чейин маалымат бербей келет.

Аны менен катар райондук сот басылманын эсеби камакка алынганы тууралуу эч кандай расмий маалымат берген эмес. Ушундан улам «Азаттыктын» юристтери райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанышкан.

Басылманын юристи Нурбек Сыдыков аталган чечимди «Азаттыктын»” укугун бузуу деп эсептээрин билдирди.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 2022-жылдын октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган. Буга аталган медиада сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Ведомстводон «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалында «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат колдонулган» деп билдиришкен.

Кийин ведомстводон алар анык эмес деп эсептеп жаткан материал өчүрүлмөйүн басылманын сайты бөгөттөөлүү бойдон кала берерин айтышкан.

Андан кийин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

Ал эми 2023-жылдын январында Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Арыз берүүгө талаштуу материалдын өчүрүлбөгөнү себеп болгону көрсөтүлгөн.

Флай буга алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» айтып жооп узаткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги «Азаттыкты» жабууга кызыктар эмес, бирок доо арызын кайтарып алган жок

«Азаттыктын» эсебин бөгөттөө: Шаардык сот УКМКга каршы арызды канааттандырган жок