«Кысымдан коркпойм». Активист Афтандил Жоробеков милицияга сурак берип чыкты

Афтандил Жоробеков

Жарандык активист, «БеспределKG» барагынын администратору Афтандил Жоробеков бийлик тарабынан кысым болуп жатканын, ага карабастан ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты. Бул тууралуу ал «Клоопко» 27-мартта билдирди.

Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөө бөлүмүнө 26-мартта «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишке байланыштуу «азырынча күбө катары суракка алынганын» белгиледи.

Анын айтымында, буга анын Инстаграм барагындагы посттору себеп болгон, бирок териштирүү жүрүп жатканына байланыштуу кайсыл пост тууралуу сөз болуп жатканын айтуудан баш тартты.

«Эми баракчамдагы посттор кандай [өңүттө] экени түшүнүктүү да. Кайсыл адамга тийишкенин, эмне болгонун… Бул эми мамлекеттик органдардын, тергөөчүлөрдүн “көп жазбай тур” деген кысымы. Мен булардын кысымынан коркпойм, постторум чыга берет. Булар кимди коргоп, ишти кантип козгогону түшүнүктүү эле болуп жатат. Андай иш болбогон иш өзү», — деди Жоробеков.

Аны менен катар активист бүгүн «БеспределKG» баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, «жарыялаган постторуна өкүнбөсүн» айткан. Ал камалса, «мамлекет өнүгүп кетет же арзанчылык болот» дешсе камалып кетүүгө даяр экенин, ошондой эле «эски уурулардын бийликке кайтып келишине жөн гана карап тура албайм» деп билдирди.

«Мамлекет эки достун менчиги эмес. Өздөрүн Кудайга теңеп, “биз гана чындыкты айтабыз, калгандардын оозун жабабыз” дегендер жаңылышат. [...] Мен чыгарган постторумдун бирине да өкүнбөйм. Булар өкмөттү, сот, УКМК, милиция, Жогорку Кеңешти менчиктештирип алганы аз келгенсип, эми оозумду жапканы мага келишти», — деп билдирди активист.

Мындан тышкары Жоробеков ал жазып чыккан маселелерди эл өкүлдөрү «айтуудан айбыгып, сатылып кеткенин» белгиледи.

«Мен жазган нерсени ЖКда отурган 90 депутаттын бири дагы айтканы “духу” жетпеди. Баары сүйлөшүп алды же сатылып кетти. Мен эркиндикте боломунбу же түрмөдө боломунбу, постторум чыга берет. Тирүү чөө болгондон, өлүк жолборс болгон артык», — деди ал.

Ал эми «Клооп» 27-мартта Жоробековдун суракка чакырылганы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция бөлүмүнөн маалымат алууга аракет кылып, бирок андан жыйынтык чыккан жок.

Жарандык активисттин суракка чакырылганы тууралуу 25-мартта белгилүү болгон.

Жоробековдун кармалышы

Афтандил Жоробеков — соцтүйүндөгү «БеспределKG» паблигинин администратору. Ал 2019-жылы «аймак аралык кастыкты козутууга» айыпталып, УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген. Анда атайын кызматтан активисттин посту «соцтүйүндүн колдонуучуларынын агрессивдүү маанайдагы комментарийлерин жараткан» деп белгилешкен.

УКМК Жоробеков бозгун президент Курманбек Бакиев жана кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар тууралуу посттору үчүн кармалганын билдирген. Бирок Биринчи май райондук сотунун токтомунда «Хабибулла жана Соке Райымды чыгарып кетишти!» деген аталыштагы башка пост көрсөтүлгөн.

Ошондой эле аталган пост бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндө журналисттик иликтөөнүн фигуранты Хабибула Абдукадырдын сүрөттөрүнөн турат.

Токтомдо атайын кызмат посттон «мамлекет башчысы коррупциялык кылмыштын катышуучусу болуп эсептелет делген чагым жана көзкөрүнө жалган маалыматтарды» көргөнү айтылат.

2020-жылдын жайында Жоробековго козголгон кылмыш иши токтотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Афтандил Жоробеков күбө катары милицияга суракка чакырылды