ЖАМУнун мурдагы деканы чет элдик студенттерге жасалма диплом даярдоого шектелүүдө

Жалал-Абад мамлекеттик университети

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мурдагы деканы чет элдик студенттерге жасалма диплом даярдап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу 29-мартта «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайдын медицина факультетинин деканы 2017-2018-жылдары Ирактын эки жаранына 12 миң АКШ долларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом берген.

Аталган факт боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан «Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Аны менен катар УКМКдан мындан башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатканын белгилешти. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Transparency International уюмунун өткөн жылга карата коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде Кыргызстан 2021-жылдагыдай эле 100 баллдын ичинен 27 балл алган. Башкача айтканда 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеген.

Өлкө акыркы орунга канчалык жакын болсо, коррупциянын деңгээли ошончолук жогору дегенди түшүндүрөт.

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылы жарыялаган маалыматына ылайык, кыргызстандыктар эң эле коррупциялашкан органдар деп Саламаттык сактоо министрлигин, ИИМди жана Мамлекеттик курулуш башкармалыгын аташкан.

Автору: Айпери Исакова

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коррупция болушу мүмкүн». Орус саясатчылары менен бизнесмендери кыргыз паспортун алууда

Президенттин администрациясы орусиялыктарга паспорт берүүдө коррупция болууда дегенди төгүндөдү