Ошто 3 балалуу аял күйөөсү тарабынан бычакталып өлтүрүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнда 23 жаштагы аял 28 жаштагы күйөөсү тарабынан бычакталып каза тапты. Бул тууралуу 5-апрелде «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 2-апрелде болгон. Түнкү саат 23:00 чамасында Набережная көчөсүнөн аялдын сөөгү табылган.

Кылмышка шектүү катары анын 28 жаштагы күйөөсү кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алгачкы көрсөтмөсүндө ал жубайын «башка бир эркектен кызганып, аңдып барып, Ак-Буура дарыясынан боюнда отурган жеринен моюн тушуна бир ирет бычак сайып жибергенин» айткан. 23 жаштагы аял алган жараатынан жеринде каза болгон.

Учурда бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду, тергөө уланып жатат. Маркумдун артында 3 баласы калды.

Кыргызстандагы фемицид

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогуу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте аялды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Каракол: Мурдагы аялын соода борборунда бычактап өлтүргөн киши 15 жылга кесилди

Мамлекет аялдар өзүн коопсуз сезиши үчүн дагы көп иш жасашы керек — Бекешев