Каракол: Мурдагы аялын соода борборунда бычактап өлтүргөн киши 15 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Сот Караколдо соода борборунда мурдагы аялын бычактап өлтүргөн кишини 15 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев 20-февралда билдирди

Анын айтымында, прокурор кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштаган. Ошондой эле өлтүрүлгөн аялдын жакындары соттун чечимине макул болушкан жок жана апелляциялык арыз жазышмакчы.

Кылмыш 2022-жылдын 9-ноябрында Каракол шаарынын «Кумтөр» соода борборунда катталган. Анда эркек киши мурдагы аялын балдарынын жана апасынын көзүнчө бычактап, өзүнө да кол салган.

Милиция мурдагы жубайлар соода борборунда сүйлөшүү үчүн жолугуп, ортодо уруш чыгып кеткенин аныктаган. Шектүү ооруканага түшүп, өзүнө келген соң күнөөсүн мойнуна алган.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Автору: Айгерим Белекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте аялды зордуктап өлтүрүүгө айыпталган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Ысык-Көл: Келинди баласы менен кошо уурдоого шектелип мурдагы күйөөсү жана кайын атасы кармалды

Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон