Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктаган эки милиционердин биринин гана жазасын катаалдатты

5-апрелде Жогорку сотто милиционерлер тарабынан зордукталган 13 жашар кыздын иши боюнча соттук отурум өттү. Анда сот бир эле айыпталуучунун жазасын катаалдатып, аны 6 жылга кесүү өкүмүн 7,5га жылга узартты. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Тимур Султанов билдирди.

Султановдун айтымында, Дамирбек Назаров, Күмүшбек Жоомартов жана Инара Гилязетдиновадан турган соттук коллегия калган айыпталуучуларга карата Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырышты.

«Мурдараак жактоочу тарап жана прокурор борбор калаанын Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну сурашкан. Ага ылайык, эки милиция кызматкерине карата 15 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылган болчу. Бирок соттук коллегия башкача чечим кабыл алды», — деди ал.

Милиция кызматкерлери «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Бирок жактоочу соттун чечимине нааразычылык билдирип, айыпталуучулар «мындай оор кылмыш үчүн өтө эле жеңил жаза алышканын» айтты.

«Биздин сот системабыз адилетсиз. Элестетип көрүңүзчү, ушундай оор кылмыш үчүн 7 жыл жаза берип жатышат! Эгер салыштыра турган болсок, фейсбуктагы пост үчүн деле 7 жыл берилет, ошол эле учурда 13 жашар кызга карата сексуалдык зомбулук үчүн деле 7 жыл жаза берилип жатат. Адилеттүүлүк кайда?» — деп кыжырданды адвокат.

Султанов Бишкек шаардык соту милиционерлердин жаза мөөнөтүн кыскартуучу шарттар болгону үчүн жеңилдетилгенин белгиледи. Атап айтканда, айыпталуучулардын «жаш курагы, жашы жете элек эки баласы бар экени жана үй-бүлөлүк абалы» эсепке алынган.

«Алар [соттор] деги эле чечимдерин кантип жумшартуучу жагдайларга негиздеп жатышат? Анын ордуна кылмыштын оордугун жана анын кесепеттерин караш керек болчу. Ал эми кылмыштын кесепеттери өтө коркунучтуу! Бул кичинекей кыздын талкаланган тагдыры. Ал коомго кайра аралашуу үчүн чоң психологиялык жардамга муктаж. Ал адамдар менен, өзү теңдүүлөр менен баарлаша албай калган. Мектепке да барбайт, анткени коркуп калган. Баарлашуу жөндөмдөрүн, чоң кишилерге ишенимин толугу менен жоготкон. Аны жашоого кантип кайра кошобуз?» — деп суроо салды жактоочу.

Адвокат сот чечим чыгарууда эмне үчүн «ушундай жагдайларга көңүл бурбай, айыпталуучунун балдары бар экенине тынчсызданып жатканы» түшүнүксүз экенин баса белгиледи.

Секелектин зордукталышы жана өкүмдүн жумшартылышы

Өспүрүм кыздын милиционерлер тарабынан зордукталганы тууралуу 2022-жылдын февралында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Милиционерлерден тышкары бул кылмыш ишинде 10 жылга эркинен ажыратылган «Дордой» базарынын кароолчусу жана 8 жылга кесилген Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы фигурант болгон.

Ал эми райондук сот эки милиционерди 15 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле сот айыпталуучуларды жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары, милицонерлер абак жазасын өтөп чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт.

Бирок 2023-жылдын январда Бишкек шаардык соту эки милиционердин абак мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте милиционерлер тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өтөт

Сот 13 жашар кызды зордуктоо боюнча соттолгон эки милиционердин жазасын эмнеге кыскартканын айтты

13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди

Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда