«Адилеттүү чечим тарых үчүн өтө маанилүү». Активист Ырыс Жекшеналиев президентке кайрылды

6-апрелде активист Ырыс Жекшеналиев фейсбук барагы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ага «Массалык башаламандыктар» беренеси менен иш козголуп, үй камагында.

Активист мыйзам алдында «кымындай да» күнөөсү жок экенин белгилеп, коомчулуктун Жетим-Тоо кени боюнча «будуң-чаңга түшүшүнө тиешелүү органдардын түшүндүрүү ишинин чабалдыгы себеп болду» деген пикирин билдирди.

«Бул жерде менин эмес, мына ошол мамлекеттик кызматкерлердин күнөөсү бар. Мындан улам өлкөнүн гаранты катары сиздин адилеттүү чечим тарых үчүн өтө маанилүү экенин эске салгым келет. Күндөр өтө берет, убакыт учат. Түбөлүгүбүздү ойлоо керек», — деди ал.

Жекшеналиев Жетим-Тоо кенинин иштетилиши боюнча бүдөмүк ойдо экенин билдирди. Анын айтымында, кендин иштетилиши суу запасын азайып, мөңгүнүн эриши эле эмес, Сыр-Дарыянын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн Нарын дарыясынын булганышына алып келет.

«Кумтөр кенине жакын жайгашкан Молдо-Башы участогунда кылымдар бою турган таза суунун запасы, башкача айтканда мөңгү бүгүнкү күндө эрип жок болду. [...] Мен бул кенди келерки муун жаңы, экологиялык техника менен мамлекеттин пайдасы үчүн иштетишин кааладым», — деди активист.

Ошондой эле ал учурда студент экенин белгилеп, соттон акталып чыкса юриспруденция адистиги боюнча окуусун улантуу ниети бар экенин кошумчалады.

«Камакта отуруп жакындарыма “Кайрылуу кылбагыла, митинг, ар кандай азгырык болгон акцияларга чыкпагыла, колдонуп кетет” деп санаа тартып жазып жаттым. Алар аткарышты, жан дүйнөсү өрттөнүп турса да көчөгө чыгышкан жок. Бул менин бийликти басып алууга максатым жок экендигине далил», — деди ал.

Активист 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган. Сегизбаев аталган видеодо Жетим-Тоону урпактарга калтыруу керектигин айткан.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

Кийинчерээк активист үй камагына чыгарылган. Учурда ишти Биринчи май райондук соту карап жатат — келерки отурум 11-апрелде өтөт.

Жетим-Тоонун айланасындагы чыр

Жетим-Тоо кени Нарын облусунда, Кытай менен чектешкен жерден орун алган. Анда темирдин ири запасы жана алтын бар. Акыркы жылдары кендин айланасында ар түрдүү пикирлер айтылып келет — бийлик кенди «Кытайга алдырып жиберет» деп чочулагандар да бар.

Өткөн жылдын августунда Нарын районунун Эки-Нарын айылынын тургундары Жетим-Тоодогу Чырпыкты суусу агып өткөн аймакта алтын казууга каршы болуп митинг өткөргөн. Алар «Голд Контент» компаниясынын лицензиясын артка кайтарууну талап кылышкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин иштетүү тууралуу маалымат боюнча кайрылуу жасап, учурда кенди иштетейин деген эч ким жок экенин билдирген. Бирок ал геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап коюга гана буйрук берилгенин кошумчалаган.

Ошондой эле өлкө башчысы «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган.