«ПолитКлиника»: Президенттин кудасы «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду

11-апрелде «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп Азамат Шаршенбиев аттуу жаран дайындалды. «ПолитКлиника» басылмасы жаңы келген кадр президент Садыр Жапаровдун кудасы экенин жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 16-апрелинде президент Садыр Жапаровдун буйругу менен кудасы Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болгон. Ал эми төраганын бир тууган агасы Черик Акматовдун баласы — Азамат Шаршенбиев.

«ПолитКлиниканын» журналисттеринин айтымында, Черик Акматовдун кызы жана Шаршенбиевдин бир тууганы Мээрим Акматова Садыр Жапаровдун бир тууган иниси Аскарбек Жапаровдун жубайы.

Басылманын маалыматы боюнча, 30 жаштагы Шаршенбиев Ысык-Көл облусундагы Алышпаев атындагы кооперация институтунда жана Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуган. 2017-2019-жылдары «РСК банкынын» Чүй филиалында кассир жана кардарларды тейлөө боюнча адис болуп эмгектенген. Ал эми 2021-жылдан тартып «Манас» аэропортунда эсепчи жана материалдык-техникалык камсыз кылуу кызматынын башкы адиси болуп иштеген.

Бул боюнча президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» мындай маселе президенттин ыйгарым укуктарына кирбейт деп белгилеп, «Башкармалыктын мүчөлөрүн дайындоо же бошотуу жөнүндө чечимди директорлор кеңеши кабыл алат» деп билдирди. Шаршенбиевдин Садыр Жапаров менен болгон байланышы боюнча Султанбаев комментарий берген жок.

Президенттин жогорку кызматтагы башка кудалары

Буга чейин журналисттер президенттин башка кудалары тууралуу да иликтөө чыгарышкан. Алар: Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Түмөнбаев.

Таштанбек Каймазаровду президент 2020-жылдын октябрында Мамлекеттик миграция кызматынын директору кылып дайындаган. Андан кийин Factcheck басылмасы Каймазаровдун Жапаровдун кудасы экенин аныктап чыккан.

Ал эми 2021-жылдын апрелинде «Чыгышэлектронун» башчысынын орун басары болуп Айдар Адылбеков дайындалат. Temirov LIVE 2021-жылдын октябрында Адылбековдун да президенттин кудасы экенин айткан берүүсүн жарыялаган.

Жапаров 2020-жылдын 21-октябрында, башкача айтканда президенттин жана өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп турганда Турусбек Түмөнбаевди «Унаа» мамишканасынын директорлугуна бекитет. Кийинчерээк Factcheck басылмасы Турусбеков Жапаровдун кудасы экенин иликтеп чыккан.

Temirov LIVE Ютуб каналынын журналисттери 2021-жылдын 11-сентябрында «Унаадагы» тендердик махинациялар тууралуу материалын жарыялашкан. Анда жарым миллиарддык тендерлерди Түмөнбаевдин кызы менен байланышкан «Госзнак» ишканасы жеңгени аныкталган.

Иликтөө чыккандан соң «Унаа» тарабынан өткөрүлгөн тендер жокко чыгарылып, ишкана текшерилип баштаган. 2021-жылдын 13-сентябрында ошол учурдагы өкмөт башчысы Улукбек Марипов Турусбек Түмөнбаевди директорлуктан бошоткон.

Бирок үстүбүздөгү жылдын 29-мартында Түмөнбаев «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын жетектеп жатканы, бирок бул жөнүндө маалымат ачык айтылбаганы белгилүү болгон.