Облустук сот Биринчи май РИИБдин башчысы Тюкебаевдин пара алууга шектелген уулун актады

Пара алууга шектелип жаткан Каракол РИИБдин тергөөчүсү Баатырбек Тюкебаев (Биринчи май РИИБдин башчысы Тилек Тюкебаевдин уулу — ред.) акталды. Маалыматты «Клоопко» Ысык-Көл облустук сотунан тастыкташты.

Басма сөз катчынын айтымында, 13-апрелде облустук соттун судьялары Тюкебаевди актоо боюнча буга чейин Каракол шаардык соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Баатырбек Тюкебаев 2022-жылдын февралында 20 миң сом пара опузалоого шектелип кармалган. Ал камакка алынып, Ысык-Көл ОИИБи Тюкебаев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгенин билдиришкен. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган.

Анын атасы, Тилек Тюкебаев — Биринчи май РИИБдин башчысы. Ал өткөн жылдын 15-ноябрында Ак үйдүн алдынан укук коргоочу Азиза Абдирасулованы күч колдонуп кармап кеткени менен белгилүү.

Ошондой эле Тюкебаев мурдараак аялдардын укугу үчүн жана «Путинизмге» каршы тынчтык митингдеринин катышуучуларын кармоо иш-чарасын жетектеген.

Негизги беттеги сүрөт 2019-жылы жарыяланган, ачык булактардан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азиза Абдирасулованы күчтөп унаага салып кеткен полковник ким?