Кара-Суу районунун акими болуп Жакыпбек Субагожоев дайындалды

Жакыпбек Субагожоев

Ош облусундагы Кара-Cуу районунун акими болуп Жакыпбек Субагожоев дайындалды. Райондун буга чейинки акими Турусбек Ногоев ызы-чуудан кийин кызматынан кеткен болчу.

Маалыматка ылайык, кызматка дайындалган жетекчини минкабдын төрагасынын орун басары Адилбек Касымалиев тааныштырган.

Жакыпбек Субакожоев — 57 жашта. Ал 2013-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими болуп дайындалган.

2019-жылдын башында Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында берилген тапшырмаларды аткарбаганына байланыштуу сөгүш алган.

Кара-Суу районунун мурдагы акими Турусбек Ногоев үстүбүздөгү жылы 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана анын биринчи орун басары Данияр Жаныкулов менен чогуу кызматтан алынган.

Ага соцтармактарда тараган облус башчысынын биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун иш бөлмөсүндө бир нече адамдан конверт алып жана берип жаткан видеосу себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин Оштогу өкүлү Жамалдинов жана анын орун басары кызматтан алынды

«Кримтөбөлдүн өкүл уулу». Кара-Сууга аким болгон Ногоев жөнүндө эмне белгилүү?