Бир кадр менен: Садыр Жапаров орус тилин даңазалаган жазуунун алдына туруп сүрөткө түштү

4-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектеги мектептердин биринде окуучулар менен сүрөткө түштү — анда класстык бөлмөдө орус тилин даңазалаган жазууну көрүүгө болот.

Дубалга илинген тактада орус жазуучусу, сценарист, журналист Константин Паустовскийдин «Бизге абдан бай, курч жана чындап эле кереметүү орус тили берилген» деген сөзү жазылган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаров калаадагы мектепке «пландан тышкары» барып Диндердин өнүгүү тарыхы сабагына катышканын билдирген. Маалыматта өлкө башчысы окуу процессинин жүрүшүнө, жаңы предметти окутуунун методикасына, диндер боюнча окуучулардын билим деңгээлине байкоо жүргүзгөн.

Орус армиясы Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан тартып постсоветтик өлкөлөдө деколонизация маселеси көтөрүлө баштады. Буга чейин Алматыда Борбор Азиядагы деколонизацияга арналган конференция өткөн. Анда аймактагы ондон ашык изилдөөчү, жазуучу жана урбанисттер улуттук тилдер, адабият жана музыка тууралуу сөз кылышкан.

Улуттук тил маселесин буга дейре кыргыз бийлиги да көтөрүп чыккан. Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштаган.

Ал эми минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бийлик кыргыз тилин колдоп, бирок орус тилине зыян келтирбеши керек деп белгилеген.

Жапаровдун Орусияга пландалган сапары

Садыр Жапаров жана Владимир Путин.

Садыр Жапаров 8-9-майда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага барат. Кыргызстандын президенти 9-майда өтүүчү парадга бара турчу башка мамлекеттин жалгыз өкүлү болот деп күтүлүүдө.

3-майга каратаган түнү Кремлге учкучсуз аппараттар «чабуул» жасашкан. Орусия президентинин басма сөз катчысы эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Көп өтпөй эле интернет түйүнүнө окуя жеринен тартылган видео пайда болгон, андан учкучсуз аппараттардын бири Сенаттар сарайынын үстүнөн жарылганын көрүүгө болот.

Америкадагы Согушту изилдеген институт (ISW) учкучсуз аппараттардын Кремлге жасаган «чабуулун» изилдеп чыгып, ал «атайылап эле уюштурулган» болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган.

Дрондордун Кремлге «чабуулунан» кийин Москвада учкучсуз учуучу аппараттарды учурууга тыюу салынды.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров Москвага Кремлге дрондор «чабуул» жасаганына карабастан расмий иш сапары менен барат деп белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр: Президент Бишкектеги 77-мектепке пландан тышкары барып сабакка катышты