«Жалган айткан көнүмүш болуп калды». Адахан Мадумаров президенттин сынына жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 4-майда Конституция боюнча уюштурулган тегерек столдо сүйлөп жатып, буга чейин Садыр Жапаровдун ал тууралуу айткан бир нече сынына жооп берди.

«Садыр Жапаров [Мадумаров] “30 жылдан бери депутат” деп жатат. Ага калп айтыш баары бир болуп калды. Мен эсептесем, 11 жыл депутат болуптурмун. 19 жылын кайдан кошо койду? Баягы эле бюджетке кошкондой кошо берет. Бирок эл ишене берет. Мына ушундай уятсыздык болуп жатат», — деди ал.

Эл өкүлү «Кумтөртөгү» алтындын сатылышын иликтеген депутаттык комиссия түзүүгө Исхак Мамлиев экөөнүн «түк тиешеси жок» экенин белгилеп, Жапаровдун ал тууралуу айтканын «кызылдай калп» деп билдирди.

«“Кумтөрдөгү” алтындын уурдалганы боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” көтөрүп чыгып, комиссия түзүштү. Бирок түшүнө мен кирем. “Сууну сатыш керек” деп айтты дейт. Аны “Альянс” партиясы киргизди. Анда да түшүнө Мадумаров кирет. Калп айтыш, жалган сүйлөш, жалган маалымат бериш кадыресе көрүнүш болуп калды», — деп белгиледи эл өкүлү.

Президент Мадумаров жөнүндө эмне деген?

Буга чейин Садыр Жапаров Мадумаровду бир нече жолу сындаган. Өткөн жылдын июнь айында депутат казино ачууга каршы пикир билдирген. Анда өлкө башчысы «Мадумаров өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп билдирген.

Ошол эле жылдын октябрь айында эл өкүлү Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикир билдиргенде, президент аны «практикалык иш жасап көргөн эмес» деп сындаган.

«Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп каларын билбейт», — деген Жапаров.

Жакында эле, 27-апрелде президент электр энергиясы үчүн тарифти жогорулатуу тууралуу пикирин билдирген Мадумаров тууралуу «тили эле сайрат, колунан эч нерсе келбейт» деп сынга алган.

«Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коёт. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле», — деген ал.

Ошондой эле Жапаров Мадумаровду «жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр» деп белгилеп, «адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры» деп кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Арам ою ишке ашпайт» — Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаров тууралуу

«Жамандык издеген адаты». Президент Мадумаровдун суу боюнча айтканына жооп берди