ЖМК жөнүндөгү мыйзамды демилгелеген Мурат Укушев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

5-майда Садыр Жапаров президентинин жана минкабдын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевди III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады. Ал ЖМК жөнүндөгү мыйзамды демилгелеп чыккандардын бири, журналисттер мыйзам Орусияныкынан көчүрүлгөнүн аныкташкан.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Конституциянын 30 жылдыгына арналган иш-чарада өлкө башчысы Укушевден тышкары мамлекеттик кызматтагы бир нече адамга сыйлык тапшырды:

  • Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дүйшеев жана Конституциялык соттун судьясы Латип Жумабаевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылды.
  • Конституциялык соттун судьясы Мээргүл Бобукеева Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Мурат Укушов ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, талкуулаган жумушчу топтун башында турат. «Клооп» мыйзам долбоорун изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош, ал тургай, катаал экенине ынанган.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик администрация 2022-жылдын сентябрында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Анда укук коргоочулар мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт деп белгилешкен.

Медиа Полиси Институтунун эксперттерипрезиденттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.

Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров жумушту топ түзүп, мыйзамды толуктап иштеп чыгууну тапшырган. Мыйзам долбоорунун толукталган вариантында популярдуу блогерлер да каттоодон өтүүгө милдеттүү экени, ошондой эле аларга ЖМКнын милдеттери жүктөлөрү айтылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып нааразы болушкан. Кийинчерээк бул норма алынып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат