Майлуу-Суу: Аял кишини сабаган 32 жаштагы жаран кармалды

Шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ООИБ

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында аял кишини сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу 10-майда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына 42 жаштагы аял үстүбүздөгү жылы 20-февралда сүйлөшүп жүргөн жигити аны уруп, денесине жараат келтиргенин билдирген.

Топтолгон материалдар милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Уруп-сабап кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөөдө окуяга шектүү катары Токтогул районунун 32 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Башкы прокуратуранан маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Ошол эле учурда укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон

Үй-бүлөлүк зомбулук: Шектүүлөрдү күзөтүү үчүн электрондук билериктерди киргизүү сунушталды

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз