УКМК: Ош шаарында мыйзамсыз иштеген казино аныкталып, 900 миң сомдон ашык акча алынды

Ош шаарында мыйзамсыз иштеген жашыруун казино аныкталып, ишмердиги бөгөттөлдү. Бул тууралуу 12-майда «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде жүргүзүлгөн тинтүүдө кумар ойнотуучу жайдан 327 миң сом акча каражаты жана 16 персоналдык компьютер табылган.

Ошондой эле мекеменин жетекчисинен 597 миң сом, 4800 АКШ доллары, 4000 рубль жана компьютердин 4 процессору алынган.

Коопсуздук кызматынан учурда мыйзамсыз иштеп жаткан кумар ойнотуучу жайларды аныктоо жана бөгөттөө иштери уланып жатканын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 30-июнунда Кыргызстанда казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Буга чейин парламентте мыйзамды кабыл алуу чуу менен коштолуп, өлкөнүн бир катар шаарларында кумаркана ачууга каршы митингдер өткөн.

Казино ишмердигине уруксат берилгенден бери алгачкы жолу казино ачууга лицензия үстүбүздөгү жылы 2-майда тапшырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди

«Медиахаб»: Казино үчүн биринчи лицензияны алган компаниянын артында Арзыбек Бурканов турабы?